Абдыганы Эркебаев, ЖК экс-төрагасы: “Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн”

ЖК экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев белгилүү саясатчылардын, анын ичинде Өмүрбек Текебаевдин,  чуулгандуу иштери боюнча атайын көз карандысыз  комиссия түзүп, иликтеп чыгуу өтүнүчү менен  Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганын журналисттерге билдирди.  

“Мыйзам бузгандардын кимиси болсо дагы, ал укук коргоо же сот органынын кызматкери болобу, жазасыз калбашы керек. Аларга катуу чара көрүлүш керек. Эгер адилетсиздик орун алса же мыйзам бузулса, мен ага кайдыгер карай албайм” деди Абдыганы Эркебаев.

Ошону менен бирге экс төрага Эркебаев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, көпчүлүк юрист-экперттердин пикири боюнча, туура эмес жана мыйзамсыз камалган,  ошондон  улам,  ал мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүң экенин билдирди.

Булак: ПолитКлиника

Аргумент.kg
Жооп калтыруу