Абдыганы Эркебаев, академик, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы: «Атамбаев түштүктөн тамекини ташыганы чындык»

(Башталышы мурунку санда)

-Абдыганы Эркебаевич, өткөн маекте социал-демократиялык партия сиздин демилгеңиз менен түптөлгөнүн, азыркы лидери Алмазбек Атамбаев кантип партия жетекчиси болуп калганы тууралуу сөз кылган элек. Сөзүбүздү ошол эле жерден уланта бербейлиби?

— Жакшы болот.

— Атамбаев партиянын лидери болгондон кийин мамилеңер жакшы эле бойдон калдыбы? Партияны түптөөгө салым кошкон адамдар кийин бир болбой калбадыңарбы. Жик эмнеден улам пайда болду?

— Эч кандай мамиле үзүлгөн жок. Баары өз жолу менен кетти. Маселелерде такай бир болдук. 2000-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болду. Ошол шайлоодо партиялык тизме биринчи жолу киргизилген. Мыйзам чыгаруу жыйынында 60 депутат болсо, ошонун 25 пайызы партиялык тизмеге берилген. Ал шайлоодо партия же блок түзүп шайлоого катышканга уруксат болгон. Дайыма партиядагы чыр-чатак шайлоого кетип жаткан тизмеден чыгат. Илгертен бул көрүнүш болуп келген. Азыр да ошондой, мындан кийин да боло берет. Социал-демократиялык партияны түптөөдө чогуу болгондордун арасындагы биринчи жик ошондон кетти. Партиянын съезди “Автомаштын” залында өттү. Тизмеге биринчи болуп мени кошушту. Кулубек Бөкөнбаев, Ишенбай Кадырбековдор тизменин алдыңкы жагында болбой калышып таарынышты. Партиядан чыгып кетебиз дегендей кылышты.

 Ошол шайлоодо социал-демократтар бөлөк партиялар менен блок түзүп барбадыңыздар беле?

— Ооба, биз башка партиялар менен блок түзгөнбүз. Чыңгыз Айтматов “Акыйкат” деген партиядан, Бишкек шаарынын мэри болгон Борис Силаев да биз менен чогуу болуп, үчөөбүз кыдырып жүргөнбүз. Чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз плакаттарга илинген. 1995-жылы Лейлек районунан талапкерлигимди көрсөтсөм, бул шайлоодо Кадамжайдан дагы партиялык тизмеге параллель кылып өзүмдүн талапкерлигимди көрсөткөм. Ал жакта 5–6 атаандаш болду. Шайлоонун жыйынтыгы менен партия өттү, округ боюнча өзүм 200дөй добуш менен артта калдым. Закир деген жигит биринчи болду. Бийлик тараптан “200 добуш эмне болуптур, шайлоону буздуруп, кайра сизди биринчи кылалы” деген сунуш болду. Күчкө салган болбойт, бул жактан өтпөсөм дагы партия менен өттүм, адам топук кылышы керек деп болбой койдум. Алмазбек Атамбаев талапкерлигин койгон округда Шарипа Садыбакасова менен чыр болуп калды. Атамбаевдин айтканы боюнча бийлик атайын аны өткөзбөй, Садыбакасованы өткөргөнгө аракет жасаган экен. Коммунисттер бул шайлоодо көп мандатка ээ болушту. Абсамат Масалиевдин кадыр-баркы, коммунисттердин салмагы дагы чоң болчу. Биздин блокко 3–4 мандат берилип, КСДПга 2 орун тийди. Ошол кезде президенттик администрациянын башчысы Рысбек Абдылдаев деген болчу. Аскар Акаев “Ушуну КСДП деп өзүңө кошуп албайсыңбы?” деп калды. Бул КСДПнын тизмесинде болгон эмес, Акылбек Жапаров тизмеде турат. Абдылдаевди өзүмө кошуп ала албайм дегем. Алмазбек Атамбаев менен акылдашып, Акылбек Жапаров экөөбүз депутат болдук. Мен төрага болуп иштебедимби. Эми ачык айтайын, төрагалык шайлоодо мени Акаевдер колдоду. Шайлоо мезгилинде дагы колдошкон. Мен өз оюмду ачык айтам дагы, эч убакта тирешүүгө барбайм. Эгер кылмыш иши болгон болсо, эч ким менен келишпейм. Акаев президент катарында “Сени менен иштешсек болот. Тажрыйбаң дагы жетиштүү” деп сунуш кылды. Абсамат Масалиевдин талапкерлигин коммунисттер, оппозициялык маанайдагылар көрсөтүштү. Мен кичүүлүк кылып Абсамат Масалиевге кирип, “Сизди дагы, мени дагы төрагалыкка көрсөтүп жатышат. Эми кандай кылабыз?” десем, Абсамат аке “Мени коммунисттер көрсөтүп жаткан соң аягына чейин турайын. Депутаттар чечсин” деп айткан. Шайлоодо мен 39, Абсамат аке 13 добуш алып, мен төрага болуп шайланып калдым. Төрага болуп шайланып жатканымда, “Бул партиялык парламент эмес. 60 депутаттан болгону 15 депутат партиялардан келдик. Анда дагы ар кайсыл партиялардан. Мени төрага кылып шайласаңар, КСДПнын эмес жалпы палатанын төрагасы болом. Баарыңыздар бирдей болосуздар, эч кимди бөлбөйм” деп айткам. Муну коммунисттерден келген Орозбек Дүйшеев “Ушул айткан сөзүңүзгө турасызбы?” деп кайра тактаган. “Өзүн сыйлаган киши бир гана жолу сүйлөйт” деп жооп бергем.

— Сиз КСДПдан депутат, андан кийин төрага болуп шайланып калсаңыз, партия лидери Алмазбек Атамбаев депутаттык мандатка да жетпей калса, экөөңүздөрдүн ортоңордогу жик ошондон башталбадыбы?

— Төрага болуп шайлангандан бир канча убакыт өткөн соң Алмазбек Атамбаев “Форумга” чакырып турчу болду. Барганымда ар кимди кызматка көтөр деген сөз болду. Анын сөзүн бир уктум, эки уктум, үчүнчү жолу чакырганда “Алмазбек Шаршенович, төрага болуп шайланып жатканымда дагы айткам. Азыр сизге дагы айтайын. Бул партиялык парламент эмес. Мен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болсом, бул жакта жүргөнүм тууралуу партиянын иши менен жүрөт деген сөз болот. Мен өз функциямды так аткарышым керек. Бул жакка келип, партиянын ишине аралашканым туура болбой калат. Туура көрсөңүз, мындан кийин жолдош болуп жүрөбүз, сый мамиледе болобуз. Сизге келип отчёт берип, сиз айткан нерселерди аткара албайм” деп айттым. Апрель айында жумушту баштаган болсом, июнь айында жардамчым Өскөн Козубаев телефон чалып “КСДПдан телефон чалышты. Сизди партиядан чыгарышыптыр” деп айтып калды. Сенин маселеңди карайбыз деп чакырбаса, өздөрүнүн иши да. Мен дагы өзүмдү урматтаган кишимин. Ага жалынып барганым жок. Алмазбек Атамбаев экөөбүздүн ортобуздагы ажырым ошондо болгон. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин экөөсүнүн ортосундагы тиреш дал ушундай абалдан келип чыкты. Атамбаев өзү Жээнбековду ачык колдоду, күчкө дагы салды. Ошонун айынан Өмүрбек Бабанов кандай акыбалда калганын элдин баары жакшы билет. Жээнбеков президент болгондон соң, убагында мага жасаган “Муну аткар, тигини кой” деген мамилесин көрсөткөн болушу керек. Президент – бул мамлекеттик, жалпы элдик кызмат. Экөөсүнүн мамилесинин айынан Кыргызстандагы саясий абал дагы жакшы эмес.

— Социал-демократиялык партия өлкөдөгү кырдаалга, учурга жараша түптөлгөн деп айтып жатасыз. Идеяны, демилгени сиз көтөрүп чыкканыңыз менен, аны колдогондордон сунуштар түшкөнбү?

— Алмазбек Атамбаев дагы социал-демократиялык идеяны колдогон. Чогуу иш алып барганбыз. Алгачкы документтер менде сакталуу. Программабыз, алгачкы уюштуруу иштеринин сценарийлери дагы сакталуу бойдон турат.

— Партияны түзгөндө реформалык жол менен өнүгүүгө багыт алсак деген максат болгон экен. 1993-жылы партия түзүлсө, 7 жылдан кийин партиядан чыгарылыптырсыз. Андан кийин деле мамлекеттик кызматтарда жүрдүңүз. Партияга көз салып жүргөн болсоңуз керек. Баштапкы идея, программа четке кагылып калганын көрүп ичиңиз ачышкан учурлар болсо керек?

— Мен бир гана КСДП эмес, башка партиялардын дагы тарыхын жакшы билем. Себеби, баары бир мезгилде түптөлгөн. Президент Аскар Акаев биздин сунушту жигердүү колдобой, кийин өзүнүн партиясын түздү. Кийинки президент Курманбек Бакиев дагы өз алдынча партия түптөдү. Менин өкүнгөнүм, партиялар идея, идеология үчүн түзүлбөй, утурумдук шайлоо үчүн түзүлүп калып жатат. Азыр КСДПнын ыдырап жатканы, ким бийликте болсо, баардыгы ошол жакка ооп кетип жатканында болууда. Мансап, кызмат үчүн партияны таштап кетип калуу өкүнүчтүү. Европада, АКШда андай эмес. КСДПга 25, “Ата-Мекенге” 27 жыл болду деп атабыз. Турсунбай Бакир уулунун өзүнүн партиясын, Жыпар Жекшеев КДКны партия кылып түзгөн. Ушул партия лидерлери деле шайлоо учурунда гана иш алып барышып, калган учурда партиянын иши жүрбөй калып жатпайбы. Бул дагы партиялык түшүнүккө туура келбейт. Бизде партиялар бир кишинин тегерегинде гана болуп калууда. Мындай болбошу керек. Партия деген саясий уюм. Улам жаңыланып, алмашып турушу шарт. Шайлоосу жок мезгилде дагы иш алып барып, өзүн көрсөтүүгө тийиш.

— Сиз партияны түзгөндөн кийин Ош облусунда жетекчи болуп иштеп калбадыңызбы. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев менен биргеликте тамеки сатуу маселеси дүң болгон болчу. Чын эле тамекини Атамбаевге уруксаты жок эле алып бергенсизби?

— Жаныш Рустамбеков Мамлекеттик катчы болуп турбадыбы. Ошол “Асаба” гезитине Атамбаев экөөсү дос, булар тамеки ташып жатат деп айыптаган. Мен ошол заматта эле жооп бергемин. Ал иш мыйзамдуу болгон. Атамбаев убагында бизнес менен алектенчү. Түштүктө тамеки ал кезде мол болчу да. Атамбаев бизге тамеки тууралуу кайрылганда, Абжыжапар Тагаев экөөбүз президентке “Алмазбек Шаршеновичтин ишканасына тамеки сатууга квота берсеңиз” деп кат жазганбыз. Ошол кат менде сакталуу. Ал учурда квота берилчү. Акаев биздин сунушту колдоп, тийешелүү кызматтарга тапшырма берген. Бул аткезчилик, жашыруун иш эмес, мыйзам чегинде ачык болгон иш. Атамбаев түштүктөн тамекини ташыганы чындык.

— Алган тамекинин акчасын төлөй албай, ызы-чуу болгон эмеспи?

— Болгон эмес. Мен ушул кезге чейин финансылык ишке аралашпайм. Баардык нерсе ачык, мыйзамдуу болсун деп шектүү иштерге катышпайм. Бул менин принцибим.

— 2010-жылдан тартып КСДП бийликке келди. Акыркы үч президент ушул партиядан чыкты. Онго жакын премьер-министрди дайындады. Партия түптөлгөндөгү баштапкы идея бийликке келген кезде ишке аштыбы?

— Социал-демократтар жумушчу табынын протатип партиясы. Карапайым элдин мүдөөсүн көздөгөн саясий уюм. 2010-жылдан берки КСДПнын курамын, социалдык катмарын карап көргүлө. Байлар, бизнесмендер, базарда олтургандар, мансапты көздөгөндөр толуп кетпедиби. Алар идеяны уруп ойногон жери жок. Ким бийликте болсо ошол жакка өтүп кеткендер. Бул кайсыл идея, кайсыл ишеним? Тизмеге акчасы менен кирип жатышат. Карапайым элдин же интеллигенциянын акчасы жок болуп, артта калып кетти. Менин дагы шайлоого катышпаганым андай акчам жок. Партиялык тизмеге акчалууларды кошмой “Алга Кыргызстандан” бери башталды. Тизме коррупцияга жол ачат. Акчасын берип койгондор өз ишин аткаруу менен гана алек болот. Шайлоо учурунда шайлоочуларды сатып алууга көп каражат жумшалууда. Ошон үчүн элдин көбү ким талапкер болуп баратканын тааныбайт. Мындан кутулуунун бир жолу бар. Парламентаризмдин энеси делген Англияда партиялык тизме. Бирок, алар округга гана коюшат. Шайланган округуңа барып отчёт берип турасың, жоопкерчиликти аласың. Бизде андай жок. Жалпы тизме менен гана депутат болуп келишип жатат. Аларың элге барып отчёт бербейт, шайлоочулардын алдына барбайт. Ошондуктан шайлоо системасын реформалашыбыз керек. Конституциянын да айрым мүчүлүштүктөрү бар, аларды дагы түзөтүү зарыл. Азыр Россия кайрылып келген парламенттин жарымы гана партиялык тизме менен же болбосо округ аркылуу шайлана турган системаны киргизсек туура болмок.

— КСДП социалдык катмардын таламын талаша турган саясий уюм болсо, 7 жылдан бери бийликте турган партия ошол катмардын мүдөөсүн аткаруу үчүн акырындык менен реформасын жүргүзүп келаткандай сезилеби?

— Бүгүн партиялык платформаны эмес, бийликтин багытын, курсун ээрчип жатышат. Азыркы парламент партиялык деп аталат. Партиялардын фракциялары бар. Парламенттик өлкөлөрдө жеңип чыккан партиянын же болбосо көпчүлүктү түзгөн коалициянын лидери Өкмөттө олтурат. Биздеги окуяларды карап көрсөңөр, ким кайдан келгени табышмак бойдон калууда. Мисалы, Жантөрө Сатыбалдиевдин КСДПнын мүчөсү экенин билген эмеспиз. Темир Сариев “Ак Шумкардын” лидери. Өкмөт Атамбаевдин убагында туруктуу боло албады. Ал айткан кишисин партиясын карабай туруп парламент шайлап берип жатты. Парламент күчтүү болгон жерде мындай эмес. Бүгүнкү Конституция боюнча реалдуу бийлик Жогорку Кеңеш менен Өкмөттө. Президенттин ыйгарым укуктары чектелүү эле. Атамбаев өзү “Конституцияда жок болсо дагы экономикага кийлигишүүгө аргасыз болуп жатам” деп айтпады беле. Экономика президенттин ыйгарым укугуна кирбейт. Экономикалык, социалдык саясат толук бойдон Өкмөттүн иши.

— Сиз жогорку бийликте туруп түзгөн социал-демократиялык партия азыр бийликте турат. Бирок, ич ара бөлүнүүгө дуушар болууда. Партиянын ичинен талкаланып жатканына негизги себеп кайсыл?

— Мындай кырдаал, жагдайлар тарыхта болуп келген. Саясат деген бийликке байлынышкан иш. Бийликке жеткени, жете албаганы, оппозициясы болот. 2010-жылдан бери бийлик КСДПнын колунда. Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш ушул уюмдун аткарганын жасады. Бийлик болгон соң жоопкерчилик дагы ушулардын мойнунда. Партиянын бүгүнкү абалы өкүнөөрлүк. Мен муну эки жагдай менен түшүндүрөм. Биринчиден, жеке адамдык таасирлерден. Түз эле айталы, буга мурунку президент күнөөлүү. Адам бир нерсени жасаарда эртеңкисин ойлойт. Сооронбай Шариповичти эл алдында ар кандай жолдор менен колдоп, президент кылып өткөрүү өзүнүн тандаган чечими. Акырына чейин ошондой болушу керек. 2–3 ай өтпөй эле сындап, кайдагы бир документтерди көтөрүп чыгышы туура эмес иш болду. Бул жигиттикке дагы, адамкерчиликке дагы жатпайт. Мамлекетчил мамиле дагы эмес. Кыргызстандын бүтүндүгүн, тынчтыгын ойлогон адам каниет, топук кылышы керек эле. 6 жыл өлкөнү башкардым, элиме рахмат десе жарашмак. Өзү “Чыдап бергиле” дегендей чыдап бердик. “Бийликтен кетериме мынча күн калды” деп улам-улам айта бергени да туура эмес болгон. Мамлекет башчысы болгон соң жоопкерчиликти кошо алып келесиң. Ал оюнчук эмес. Акырына чейин чыдагыла дебестен, иштеш керек. Эл берген ишенимди акта. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген соң акырына чейин жигит бойдон калышы керек болчу. Бул жагынан күнөө Алмазбек Атамбаевден кетип калды. Экинчи себеби, саясатка келген адамдар жоопкерчилигин албастан, утурумдук кызыкчылык менен иштеп жатканы. Ушул эки себеп менен партиянын абалы начарлоодо. Азыр Атамбаевди партиядан кетирүү боюнча күчтүү аракеттер жүрүп жатат. Бул бизде партиялык курулуш формалдуу гана болуп, мазмун, принцип жагынан ойдогудай эмес экенине далил.

— Көп учурларда КСДПны түптөгөн Алмазбек Атамбаев деп айтылып жүрөт. Ушул сөздөр туурабы?

— КСДПны жалгыз Атамбаев түптөгөн деп айтуу туура эмес. Демилге мен тараптан болуп партия түзүлүп, биринчи жетекчи Жумабек Ибраимов болгон. Андан кийин Алмазбек Атамбаев партияны андан ары өнүктүрүп кетти деп айтсак туура болот. КСДПнын ушундай деңгээлге жетишине Атамбаевдин эмгеги абдан чоң. Партияны жалгыз эле ошол кишиге байлап коюу тарых жагынан да туура болбой калат. Мен жеке өзүм адамдарга жаманчылык каалабаган адаммын. Жамандаган адамдарды пендечилик деп көтөрүмдүү болуп, андан өйдө болуп коюу керек. Өткөн ишке салават деп коёт. Кыргызстандын тынчтыгы үчүн Атамбаев дагы өткөн ишке салават деп, келечекти ойлоп, өзүн кармап койсо жакшы болот эле. Мен үчүн ал киши эски дос катары кала берет.

— Сиздин кызыңызга жасалма иш козголуп, каралоо иши жүрдү. Бул аракет Абдыганы Эркебаевди каралоого жасалган деп айтылган. Кызыңызга козголгон иш далилденбеди. Бул иштин ошол кездеги Ак үйдү жетектеп тургандар тарабынан уюштурулганы анык болгонбу?

— Бул биздин үй-бүлөлүк чоң кайгыбыз болду. Кызыбыз университеттин юрфагын жакшы окуп бүтүргөн болчу. Чолпон Баекова мамлекеттик комиссиянын төрайымы болуп, өзү аябай мактаган. Кызымдын иши боюнча эч жерден жаман сөз уккан эмесмин. Сен айткан окуя болгондон кийин өзүм дагы кызыгып, иликтеп көрдүм. Колумда адвокаттардын, райондук сот процесстеринин документтери бар. Бул ишти Аида Салянова козгогон. Анын өзү менен да сүйлөшкөнмүн. Кызымды дос кызы кафеге чакырат. Кызым барганда дос кызы бирөө менен доллар эсептеп жаткан учурда кармашат. Менин кызым акчаны кармаган да эмес, телефондо эжеси менен сүйлөшүп жаткан экен. Экспертиза дагы акчада кызымдын колунун изи да болбогонун далилдеди. Мыйзамды бузуп, түнү менен үйүн тинтишти. Мыйзам боюнча соттор кол тийбестик укукка ээ. Документтер боюнча биринчи эч кандай кылмыш курамы жок деп ишти жаап, кайрадан “алдамчылык” деп күнөөлөштү. Мен бул ишти иликтегенде жалгыз Атамбаев менен жолукканым жок. Ал өзү дагы кызы тууралуу суранып келет болушу керек деп ойлосо керек. Барганым жок. Баардыгы жогор жактан көрсөтмө болду деп айтышты. Бул көрсөтмөнү ким бергенин кармап албагандан кийин айта албайм. Соттор дагы “жогор жактан бир нерсе кылгыла деп айтып жатышат” дешти. Өкүнгөнүм, кызымды шарттуу түрдө соттоп жиберишти. Бизде чыныгы сот адилеттүүлүгү болсо, мындай чечим чыкпайт болчу. Эң талуу жер сот системасы бойдон калууда. Соттор көз каранды. Жогор жактын көрсөтмөсү, телефон чалуулар дагы деле уланууда. Азыр айрым бир жылыштар бар. Муну да калыстык үчүн айтып коюшубуз керек. Шыкмаматовдун, Исаевдин соттук иштери боюнча айтсак болот. Кызыма карата козголгон иш Эркебаевдердин үй-бүлөсүнө көлөкө түшүрүү үчүн болгону айныксыз.

— Атамбаев Улукттук Илимдер Академиясын жоюуга аракет жасаганда, сиз каршы чыгып, аны сактап калдыңыз. Ошол аракетиңиз Атамбаевдин көз карашынын өзгөрүшүнө себеп болгон жокпу?

— Мунун төркүнү мындай. 2009-жылы, 2011-жылы болгон президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевди ачык колдодум. Буга Аалы Карашев менен кечээ жакында камалган Икрам Илмияновдор күбө. Атамбаев түштүктүн аксакалдарын чогултуп резиденцияда чай бергенде ушулар колго суу куюп жүргөн балдар эле. Ошол жерде ачык эле бул менин чогуу окуган эски досум болот, колдоңуздар деп айткам. Атамбаев өзү дагы “Эркебаевичтин айтканы туура” деген. Кийин президент болгон соң мени ишке чакырып калышты. Аппарат жетекчиси болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев аркылуу чет өлкөгө элчи болуп барат бекен деп айттырды. Бакиевдин убагында дагы Медет Садыркулов жеке өзү келип, Өзбекстанга элчи болушумду сунуш кылган. Себеби, Ислам Каримов менен мамилем жакшы болчу. Өзүмдүн өлкөмдөн чыккым келбейт деп жооп бергем. Жантөрө Сатыбалдиевге дагы элчи болуп барбайм, эгер өзү кабыл алса өзүмдүн оюмду айтайын дедим. Атамбаев өзү 2012-жылдын март айында кабыл алды. Ал киши тамашалап, күлүп сүйлөйт эмеспи. “Бир жакка баргың келбей жатабы?” деп тамашалады. Ага дагы өзүмдүн өлкөмдө эле иштесем деген оюмду айттым. Өзүмдүн кесибиме ылайыктуу деп Илимдер Академиясын айттым. Ал “Академияга баргың келип атабы? Биз аны жоёлу деп аттык эле” деди. Эмне үчүн?- десем, “Ал тоталитардык өлкөлөрдө гана болот турбайбы” деп айтты. Андай эмес деп Илимдер Академияларынын Европа, АКШ, Россия, биздеги тарыхы кандай экенин айтып бердим. Эки башка тарых, эки башка айырма. Бизде илим академияда топтолгон. Европа менен АКШда илим университеттерде. “Сен Илимдер Академиясына барайын деп атсаң жиберели” деп макул болду. Илимдер Академиясын жоюу ниетинен кайтты. Апрель айында Илимдер Академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп бардым. Кийин шайлоодо академиктердин баары бир добуштан колдошту. 2014-жылы президенттин алдында билим берүү боюнча эксперттик кеңеш бар экен, ошонун чечимин теледен угуп калдым, кийин гезитке чыкты. Илимдер Академиясын жоюш керек, бул коомдук болуузу зарыл деген чечимди президент дагы колдоп сүйлөп калды. Бул туура эмес чечим деп маалымат каражаттары аркылуу Академияны жоюу президенттин ыйгарым укугуна кирбейт, Өкмөттүн укугу. Билим берүү боюнча президенттин алдындагы эксперттик кеңеш Конституцияга каршы келет деп билдирүү жасадым. Андан кийин көп иштер болду. Өкмөттөн, президенттик аппараттан кишилер келишти. Фарид Ниязов менен сүйлөштүк. Атамбаев өзү кабыл алган жок. Бир-эки жерде мен тууралуу терс сөздөрдү сүйлөдү. Лейлекте тейит уруусунун жыйыны болуп, мени чакырышканда барып койгом. Ошол жерде эле бул саясатка эч кандай тийешеси жок, жамандык-жакшылыкта бир боло турган мамиле деп айткам. Өзү болсо “Мен ушул жактан келгем” деп канча жолу сүйлөдү. Башка бирөө уруусун айтса жакпай калабы? Кыргыздын салты боюнча өзүңдүн тегиң ким экенин билип коюш керек да. Бийликке жакын гезиттер ошол учурларда менин кайда барганымды, ким менен жолукканыма чейин чыгара беришти. Андан кийин мыйзамды өзгөртүп, Илимдер Академиясы департаментке баш ийип калды. Кээ бир имаратыбызды алышка аракет кылышты. Мен ага жол бергеним жок. Академия калсын, мен кызматын тапшырып берейин деп жалпы жыйынга салдым. Мени президент кылып шайлаган академиктер бошотмок да. Алар “Сиз иштейсиз” деп менин сунушумду колдобой коюшту. Тирешүүнү каалабастан, Өкмөткө өзүм жумуштан бошотуп койгула деп арызымды жазып бердим. Ошондон кийин Атамбаев менен дагы жолукканым жок. Ал кишиде кекчилдик бар окшойт. Мени партиядан чыгарганда кайтып барганым жок. Атамбаев өзүн сыйлаган киши болсо, мен дагы өзүмдү сыйлаймын. Убактылуу Өкмөттө чогуу иштегенде, ал киши дээрлик премьер-министрдин кызматын аткарды. Мен башында кабинетине куттуктап кирип койдум. Ошондо Атамбаевди кабинетинин ичинде орус балдар автомат менен кайтарып турган экен. Автоматчан жүргөндү жактырган эмесмин. Бир-эки жыйында элди коргойбузбу же өзүбүздүбү? Автоматчан балдар менен жүргөн уят эмеспи, ушуну койбойсуңарбы дегем. Ошол айтканым дагы Атамбаевге катуу тийсе керек. Экөөбүз дос болуп жүрүп, ушундай учур болгону өкүнүчтүү. Анын үйүндө, айылында бир топ жолу болгонбуз. Атамбаевдин өтүнүчү боюнча Насирдин Исановду үйүнө конокко алып барып тааныштырганмын. Ал дагы менин үйүмдөн чай ичкен. Жакшы күндөр унутулбай кала берет да.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу