Абдывахап Нурбаев: «Абылгазиевдин отставкасы дагы деле күн тартибинде»

 Абдывахаб мырза, жаш ишкер Токтогазиевге эл ишеними арбып, анын министр болуп келишин каалап жатышкан. Бирок, Абылгазиев аны эмес, Чодуевди алып келди, сиздер колдоп бердиңиздер. Бул жерде кандай саясат жүрдү деп ойлойсуз?

— Ооба, аргасыз иш болуп калды. Мен комитетте Абылгазиевге «Токтогазиев деген жаш бала чыгып, коомчулуктун назарына түшүп жатат, эл андан жаңы нерсени күтүп жатат» десем, «ал бала жашыраак экен, биз аны колдонобуз, иш беребиз» деди. Азыр эми орун басары министр болуп келди. Мен билем, мурунку система өзгөрбөйт. Айыл чарба министрлигиндеги департаментган жетекчисин премьер-министр дайындайт экен. Минисгрдин колу-буту байлануу, эч нерсе кыла албайт. Бир нерсе кылуу үчүн жаш, креативдүү ойлонгон мыкты команда келиш керек болчу.

Мындайча айтканда, бул министрликте жаңылануу, күтүү үмүттөрү менде жок, кыскасы.

 «Абылгазиевди кетиребиз» деп келип эле басылып калуунун себеби эмнеде жатат?

— Ооба, биз депутаттар дагы анын кетишин көтөргөнбүз. Чек ара маселеси боюнча эки ай мурун Жогорку Кеңеште кабыл алынган токтомдун бир дагы пункту аткарылган жок. Өзү жок болуп калып, кийинки отурумга калтырдык. Эми «КТ Мобайлдын» айланасындагы ишти иликтеген комиссиянын жыйынтыгына жараша отставкасы каралат. Отставка маселеси дагы деле күн тар-тибинде. Анткени, бир нече факторлор ачыкка чыкса, премьердин кызматта калганга моралдык укугу деле калбай калат. Ал маалыматтар «каржылык махинациялар» делип жатат.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу