Абдулла Юсупов менен бир камерада отурган адам: «Ата мекенчи» депутаттарды мародёр деген Юсупов жалган айтып жатканын тастыктап берем»

Бишкекте бүгүн, 30-мартта «Ата Мекен» партиясынын штабында мародёрчулукка байланыштуу маалымат жыйын өтүүдө. Анын жүрүшүндө Нургазы Бакаев «Абдулла Юсупов менен бир камерада 6 ай отургам» , — деди.

Ал өзү абакка үй-бүлөлүк себептерден улам түшкөнүн, 2014-жылы бошотулганын айтты.

«Камерада отуруп ага «сен башында Рысалиевди мародёр дедиң, анан Муса Төлөгөновду, Мадылбековду, Райкан Төлөгөновду, «Ата Мекенди» кошуп жатасың. Кийин чыкканда Текебаев эмнеге мени мародёр дедиң десе эмне дейсиң? деп суроо бердим. Ал «оперлер мени уруп-соккондо ушинтип көрсөтмө бергем» деген.

«Ата Мекенге» бир нерсе талап кылайын деген ниет менен келген жокмун. 2012-жылы «Юсупов жалган айтып жатат, тастыктап берем» деп айтып чыккам. Азыр аттуу баштуу адамдарды мародёр деп жатат. Юсуповду менден башка ким жакшы тааныйт? Юсуповго кыргыздарды эмнеге бири-бирине чабыштырып жатасың? дедим. Анан мени сабап коюшту. Жусупбеков Марс деген СИЗОнун башчысы Рысалиев менен Юсуповдун айынан иштен кетти. Рыкунова менен Маевский ким? Алар мен болгон жерде болушкан жок. Юсуповду азыр дешсе да тастыктап берем. Юсуповго чындык айтыш үчүн коркпойм», — деди Бакаев.

СИЗО-1дин мурунку кызматкери Маратбек Исаков: «Оморов Дастан, Шергазиев Азамат дегенден келип байма-бай көрсөтмө алып турушкан. Чыгып жатканда да, келип жатканда да колдоруна толтура пакет көтөрүп алышчу. Бир нерсе бар үчүн аларды камсыз кылып турду да. Шеф деп Рысалиевге чалса керек. Баары Юсуповдон коркуп жанына жолочу эмес. Ошонун артынан биз дагы жумушу жок жүрөбүз», — деди.

Абдулла ​Юсупов 2012-жылы августта НТС телеканалына интервью берип, “атамекенчи” депутаттарды, тактап айтканда Өмүрбек Текебаевди, Болот Шерди, Туратбек Мадылбековду жана Райкан Төлөгөновду апрель окуяларындагы талап тоноочулук боюнча айыптап, Бакиевдердин мүлкүн ташып чыгууга буйрук берген деп жар салган.

Булак: Супер.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу