Абдил Сегизбаев «Белизгейт» үчүн, Болот Сүйүмбаев жасалма дипломуна качан жооп берет?

Ар нерсенин өзүнүн чеги жана жооп бере турган учуру болот. Мындан качып кутулууга болбойт. Жер каймактагандан бери карай эле жер бетиндеги пенделер, азуусун айга бүлөгөн падышалар да өздөрүнүн жасаган иштери үчүн башы менен жооп берип келишет. Таза жана акыйкат иштегендер тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, муундан-муунга сый-урмат менен айтылып келатканын да билебиз.

Демек, мамлекеттик үлкөн кызматтарда иштегендердин ар бири өзүнүн жасаган ак жана көк иштери үчүн же урмат-сыйга татып же мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш болот.
Бул ирет биз А. Атамбаевдин доорунда УКМК төрагалыгына чейин өсүп жеткен Абдил Сегизбаев жана диплому жок эле жансакчылыктан УКМК төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн Болот Сүйүмбаев тууралуу кыскача сөз кылгыбыз келет. Абдил мырзанын АШАнын алты жылдыгында 50 обьектини эле өмүрлүк жарына каттатууга жетишкенин буга чейин маалымат булактары жазып чыгышкан. Бул белгилүү болгону гана. Демек, оңой эмес байыган. Бизнес жасабай эле, мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп, кантип мынча обьектиге ээ болуп калган деген суроо жаралбай коебу? Албетте жаралат.

Экинчиден, ал УКМК төрагасы болуп турганда «Белизгейт» аттуу жөө жомок ойлоп чыгарганы белгилүү болду. Белизден А. Сегизбаев көрсөткөндөй эч кандай документтер келбегенин УКМК расмий тастыктады. Демек, мамлекеттик деңгээлде, болгондо да бөтөн өлкөнүн атын сатуу менен жалган маалыматты, жасалма документтерди ошол кездеги президентке көрсөткөнү үчүн А. Сегизбаев мыйзам алдында жоопкерчилигин тартышы керек.
Ал эми анын орун басары болуп келген Болот Сүйүмбаев жасалма диплом менен мамлекеттик кызматтарды аркалап келгени үчүн жооп бериши керек. Бул үчүн КР кылмыш-жаза кодексинде атайын берене каралганын да билебиз. Андан тышкары ал ошол кызматты аркалап турганда контрабанданы көзөмөлдөп келгени да айтылып жүрөт. Буга да тиешелүү органдар көңүл буруусу керек.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу