Абдил Сегизбаевди УКМК калкалап жатат

«Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов УКМК менен Башкы прокуратура «Белизгейт» иши боюнча Абдил Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянат пайдаланганын жашырып, аны биротоло калкалоого өтүп алганын айтып чыкты. Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» партиясынын үч мүчөсүнө жасалма документтердин негизинде оор айып коюп, каралаган саясий буюртмага укук коргоо органдарынын азыркы жетекчилери көз жуумп, «материалдарга «өтө жашыруун» деген белги коюлган» деген шылтоо менен ага укуктук баа берүүдөн качып жатышканын белгиледи. Мындан улам, Шыкмаматов тиешелүү укук коргоо органдары «Белизгейт» ишин калыс иликтеп жыйынтык чыгарышына ишеним калбай калганын билдирди.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу