Абдил абактан орун алабы?

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин башына кара булут түнөрүүдө. «Ата Мекен» фракциясы Сегизбаевдин «Белизгейт» маселесине байланыштуу жалган жалаа жапкан деген негизде жоопкерчилигин кароону талап кылууда.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Мегаком» деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50 акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Бул маселе боюнча 14-сентябрда парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мусуралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келбегенин айтты. Сегизбаев болсо «Белизден келген документтерди тактай албай калганбыз», — деп актанууда. Мындан улам, Сегизбаев жалган, каралоо максатын көздөгөн ыплас иши үчүн жооп бериши керек деген маселе кабыргасынан коюлуп жатат.

Булак: «Фабула» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу