Абакта отурган Артыкбаевке операция жасалды

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри  Осмонбек Артыкбаевге операция жасалды. Бул тууралуу  адвокат Айжан Орозакунова билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөө абагында отурган Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу 4-декабрда  Улуттук кардиология борборуна алып келинген. Андан соң операция жасалган. Бирок азырынча абалы тууралуу маалымат жок.

Мурда, дарыгерлер эл өкүлүнүн жүрөгү ооруганын айтып, ага “аритмия, астма” деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу