Абакка камалса эле ооруп калмай адат Жантөрө Сатыбалдиевде да бар экен.

Таба эмес, тооба дейбиз. Бирок, ушул кыргыз чиновниктеринин эркиндикте жүргөндө улак тартып, теннис ойноп, ден-соолугуна эч кандай нааразычылык айтпай жүрүп эле, коррупцияга айыпталып, камакка алынгандан кийин “ай ичим, ай башым, жүрөгүм” деп “ооруп” калмайларына элибиз деле көнүп бүттү. Ошондой адатты бүгүнкү күндө экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев карматууда. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Анан абактагылардын абалын билүү үчүн Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов Ж. Сатыбалдиевге жолукканда, ал “ден-соолугум начар болуп атат, жылына дарыланчу элем, дарылансам жакшы болот эле” деп даттанган экен. Биз Жантөрө мырзанын “мен спорт менен машыгып турам, ден-соолугум чың” дегендей маанайда маалымат булактарына маек куруп келгенин, анысын тастыкташ үчүн чоң теннис ойноп аткан видеосун да жарыялаганын билебиз. Анан минтип коррупцияга айыпталганда эле оорукчан болуп чыга калууда. Ар бир кылмышка айыпталган чиновник өзүнүн жасаган иштери үчүн жооп бериши керек. Эгерде баардыгы эле ден-соолугун шылтоолоп, жоопкерчиликтен кутулуп кете беришсе, анда бизде “тойгончо жеп, анан онтолоп ооруп” калган чиновниктер жайнап кетет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу