Ааламдан түшкөн Арстан Алайды эле шайлап алсакпы?

Дүйнө эли жаңы илимий ачылыштарды жасап, адамзатты таң калтырып жатса, биздеги Арстан Алай ааламдан кыргыз элине артыкчылык берилген, дүйнө эли жардам сурап кыргызга келет деп таң калтырды. Акча, байлык дегендин баары Нарын дарыясы сыяктуу агып өзү эле кыргызга келет экен. Ал тургай жолдорубуз да өзүнөн-өзү куралган заманга барат экенбиз. Дебатта ааламдан сөз кылган Арстан Алай талапкер болуп жаткан Бабанов менен Жээнбековду «экөөңөрдү тең тактыдан көрбөй турам» деп айтып салды. Бул экөөсүн тең тактыдан көрбөгөн Арстан Алайдын өзүн ажолукка шайлап алып, ааламдан келген сырды ачып, өзү айткан суу сыяктуу агып келген байлыкка ээ болсок кантет ыя? Жыргализмдин ачкычы Алайда катылып жаткан жокпу деги? Ажо кылып  ааламдан түшкөн Арстанды шайлап, бизден дүйнө элин жардам суратпайлыбы?

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу