Өмүркулов спикер, же өкмөт башчы болууга кам уруп…

Иса Өмүркуловдун КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгарылганы саясатта чоң талкуу жаратты. Себеби, бул адам аталган партиянын жүгүн 25 жылдан бери көтөрүп келатканы маалым. Бирок акыркы кезде эски досу Атамбаевге эмес, азыркы ажо Жээнбековго ыктаганы Атамбаевдин жинин кашайтыптыр. Эми КСДП аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен чыгарууга кам көрдү. Бул маселе качан, кандайча ишке ашат, аны убакыт көрсөтөт. Азырынча фракция отурумунда талкууга алабыз деп турушат. Өмүркулов деле оңой жоо эмес, лидерликти оңой-олтоң бере койбос. Балким жаз алды менен Жумабековдун ордуна спикер, же Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчы болуп калышы деле толук ыктымал. Өзү деле бул кызматтарга баруунун амалын көрүп келет. Андыктан Өмүркуловдун азырынча эч нерседен коркпой турган кези.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу