Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду № 1 тергөө абагына которушту

Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова маалымдады.

Азырынча кайсы колонияга жөнөтүлөөрү белгисиз. “Кызыл зона” аталган № 27 колониянын башчысы Текебаев менен Чотоновду кабыл алуудан баш тартууда.

Жактоочулар депутат менен экс-министрди № 47 колонияга жайгаштыруунун суранып Жаза аткаруу кызматына кайрылышат,-деди Таалайгүл Токтакунова.

Эскерте кетсек Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду Биринчи Май райондук соту сегиз жылдан эркинен ажыратып, Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Булак: jalbyrak.tv



Сиздин пикир