Эмил Токтошев, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Экономика министри болуп келген Санжар Муканбетовго ичим чыкпай калды”

– Эмил мырза, премьер-министр Абылгазиевдин отставкасын депутаттар да көтөрүп чыкты эле. Бирок, жагдай өзгөргөнсүп калды…

– Премьер-министрдин өзү боюнча сындар айтылды. Палатадан да отставкага кетиши керектиги тууралуу маселе көтөрүп келгенбиз. Жакындары, туугандары, бажалары кадрдык маселелерди чечип калгандыгына байланыштуу чуу чыкты. «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Жыйынтыгы 15-20 күндө чыгат. Ошого жараша Жогорку Кеңеш бир чечимге келет. «Өкмөт кетет же кетпейт» деген маселе ошондо чечилет.

Андан сырткары, төрт жаңы кадр алып келди. Алардын баары колдоо тапты. Менимче, муну менен өкмөт башчы комиссиянын жыйынтыгы жакшы чыгышына даярданып жатат. Бул бир жагынан жакшы жышаан. Бирок, эл нааразы болгон да министрлер бар. Мисалы, билим берүү министрине, саламаттык сактоо министрине нааразы болгондор көп. Аларды да алмаштырса, тазаласа, ойдогудай адамдарды алып келсе, карап көрөбүз.

– Жаңы кадрлар сизди ынандырдыбы?

– Төртөөнүн ичинен Дастан Догоевди баалайм. Ага ишенсе болот. Жаш идиректүү кадр. Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев дагы татыктуу. Экономика министри болуп келген Санжар Муканбетовго ичим чыкпай калды.

– Айыл чарба министрин «бажалар бүтүп, кудаларга келдик» деп, аны Абжалиевдин кудасы (Жээнбековдун кудасы) экенин айтып чыгышты…

– Биринчиден, «куданын кудасы» деп айткандын өзү туура эмес. Экинчиден, кудасы эмес экенин айтып жатат. Куда болсо эмне болуптур, татыктуу болсо, иштесин. Беш жылдан бери министрдин орун басары болуп келатыптыр. Тажрыйбасы бар экен.

– Бюджеттин тартыштыгы азыртан эле сезиле баштаптыр. Абал кандай болчудай?

– 2019-жылдын төрт айлыгынын жыйынтыгын азырынча толук караган жокпуз. Бирок, маалыматтарга караганда, 2,5 млрд. сомдон ашык каражат бюджетке түшпөй калган. Муну салык инспекциясы Кумтөрдөн түшпөй калганын айтып жатат. Ушул жумада бардык киреше бөлүккө жооп берчү мекеме-ишканалардын баарын чакырып, комитетке алып чыгабыз. Эмне себептен мынча каражат түшпөй калды, аныктайбыз. Маалыматты чогуу угабыз.

– ШКУ саммити болгону жатат, мунун Кыргызстанга пайдасы канчалык?

– ШКУ саммити сөзсүз түрдө биздин өлкөгө оң таасир этет, пайдасы чоң. Чоң-чоң өлкөлөрдүн башчылары келип, кызматташтык боюнча жыйын курушат. Биринчиден, Кыргызстандын аброю көтөрүлөт. Экинчиден, чоң мамлекеттер жөн келбейт, инвестиция алып келиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, чечилбей жаткан маселелерди президенттер бетме-бет, маңдай-тескей отуруп чечкенге мүмкүнчүлүк.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу