Элмира Сатыбалды кызы: “Кыргыз эли бир топ күн ханы жок калат”

Президенттик шайлоо курч өтөт. Кырдаал курчуйт. Эки тараптан тирешүү, коркунуч жаратып турат. Анткени Бабанов менен  Жээнбеков чектен чыкты. Сооронбай Жээнбеков президенттикке даяр болуп калды. Бирок анын жүрөгү коркуп турат. Тегерегин кара топтолгон күч курчап алган. Өмүрбек Бабанов эмнегедир элирип алды. Текебаевдин тагдырын эстеп турса болмок? Бабанов камалып калышы мүмкүн, этият болушу керек, туура эмес кадам таштап албасын.

Кыргыз эли чуу көтөрөт. Ааламды кара булут каптап турат, көп кырсык болушу күтүлүүдө. Көп жерде ызы-чуу болот. Бул ызы-чуу бир топко тынчыбайт. Биздин шайлоо тынч бүтпөйт. Көпчүлүң аңга түшөт. Бирөөгө аң казгандар өздөрү кулайт. Кыргыз эли бир топ күн ханы жок калат. Мен бийликтегилерден суранам, эсиңерге келгиле. Элди тынч койгула, эне катары, тизе бүгүп суранам, деген аянын NazarNews.kg маалымат агенттигине, айтымчы Элмира Сатыбалды өзү билдирди.

Эске сала кетсек, Элмира Сатыбалды кызынын тубаса касиети бар. Эл агартуунун отличниги, жогорку билимдүү.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу