Элди аягылачы, саясатчылар!

Менин жашым 77де. «Өмүрдүн көбү кетип, азы калды, көңүлдүн назы кетип, сазы калды» дегендей. Анан ушул мезгил жөнүндө, мекенибиздин, элибиздин башынан өтүп жаткан көйгөлөрүнүн кантип оң жолго чечилиши жөнүндө ой бөлүшкүң келет, эл менен, өлкөнүн саясатчылары менен. «Эл баарын чечет» деген менен эл тагдырын ал өзү шайлаган бийлик чечет, бийликте отурган адамдарыбыз чечет. Алар кимдер? Алар партиялар, президент, өкмөт, депутаттар — мыйзам ээлери. Муну баарыбыз билебиз. Бирок алар эл тагдырын, мамлекет тагдырын жакшы чече албай, жалаң бийлик, байлык талашуу менен алек, мыйзам чыгаруу менен алек. Бирок, аларды дагы жакшы жөндөй албай жатышат. Азыркы президент менен экс-президент өз абийирлерин төгүштү го? Эми кандай болот? Эл, мамлекет ишенген жана аны башкарган эки адамыбыздын аракеттери ушул болсо, алдыдагы келечегибиз кандай болот? Уят иш эмеспи? «Мейли бул да өтөөр, иш оңуна кетээр» деген гана сабыр менен жашап турууга туура келет. «Революция жасайбыз» деп өлкө өнүгө албады, балдарыбыздын өмүрү кыйылды. Эми белгилүү саясатчылар жаакташып отуруп, кимисиники туура болсо, ошол жагына көпүчүлүгү өтүшөөр. Бийликке болсо эл баштоочу саясатчылар, чөнтөктүүлөр келди. Элге эми чоң чууга чыгуунун (көчөгө чыгуунун) кереги барбы? Партиялардын, байлардын акчасына эл деле эми көп кызыкпастыр. Саясатчылар элди көчөгө чыгарбай, ынандыруу жолу менен алышса туура болот эле. Ушундай жолду баарьшар кармансаңар демекчимин, ушуга чакырат элем. Эл добушун туура жол менен: билимдүүлүктүн, абийирдин, ынандыруу, ишендирүү жолу менен алса дейбиз, Элди дагы, өзүңөрдү дагы аягылачы! Чарчабайт да экенсиңер, күчтү кайдан аласыңар? БУЛАК : Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу