Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды…

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Абактагы адам. Архив Анын айтымында, Сагинбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча кечээ, 14-майда, ИИМге суракка чакырылган. Кийин тергөөчү «Сагинбаева убактылуу кармоочу жайда болсун» деген чечим чыгарып, Бишкек ШИИБдин тергөө абагына киргизилген.

Эскерте кетсек, буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери кармалып, эки айга камакка алынган. Дал ушул илдеттин негизинде кылмышкер түрмөдөн бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.

БУЛАК: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу