ЭКСКЛЮИВ — Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калганынын себебин айтты

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Өмүрбек Токтогулович өзү үчүн абдан жооптуу ары татаал чечим кабыл алды! Ал чечими жеке өзүнүн керт башына гана эмес аны колдогон элибизге жана мамлекетибиздин тынчтыгына дагы байланыштуу! Бул чечим оңой болгон жок, тарыхы бай жаратман элибиз, бейиштин төрүндөй жерде жайгашкан жакшынакай жалгыз мамлекетибиз бар. Биз үчүн сиздердин амандыгыңыздар жана өлкөбүздүн тынчтыгы маанилүү! Өмүрбек Токтогуловичтин мекенге баргандан кийин үчүнчү күчтөр тарабынан ар кандай провокациялар даярданып жатканынан кабар алдык.

«Мени колдоп чыгып, ошол провокацияга алдырып бирөө жарымыңыздар жабыр тартып, мен үчүн зыян чегип калышыңыздарды каалаганым жок.»-деп айтты. Өмүрбек Токтогуловичтин өлкөгө баруусунан ар кандай саясат жасагандар пайда болду, мунун арты жакшылык менен бүтпөөрүн түшүнүп турабыз.

Өмүрбек байке бир жарым жыл сыртта жүрдү, өлкөдө стабилдүүлүк орносун деп, сөзүнө туруп саясатка аралашкан жок. Бүгүн, кимдир бирөөлөрдүн провокациясына жол бербешибиз керек! Өмүрбек байкенин өлкөгө кайтуусу — бул элибизге жана мамлекетибизге зыян эмес, пайда алып келсе экен деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу