Эки мэр, эки «ШЕР» камакта калды

5-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Бишкектин мурунку мэрлери Кулматов менен Ибраимовду 6-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Мамлекеттик айыптоочулар УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы мурунку мэрлерди камакта калтырууну суранды. Ал эми жактоочулар айыпталуучуларды камакта калтырууга негиз жок экенин билдиришти. Бирок судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучуларды камакта калтырууну 6-сентябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында ’’коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бе- лунген акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда. Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлкту ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс- мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

БУЛАК: Факты. кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу