Ысык-Көлдө туристтерди каттай турган эки мобилдик борбор ачылды

Негизги максаты — чет элдик туристтерди убактылуу каттоодон өткөрүү.

 Жайкы сезондо Ысык-Көлдө эс ала турчу чет өлкөлүк туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Мамлекеттик каттоо кызматы эки мобилдик калкты тейлөө борборун ачты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Борборлордун негизги максаты — чет элдик туристтерди убактылуу каттоодон өткөрүү.

«Атайын микроавтобустар тийиштүү техникалык жабдыктар менен жабдылган. Мобилдик борборлор 10-июндан тарта Чолпон-Ата менен Бостериде иштей баштады», — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдө эс алып жаткан чет элдиктерди каттоо үчүн 0555 600 512 (Чолпон-Ата) жана 0555 600 513 (Бостери) номерлери аркылуу кайрылууга болот. Мындан сырткары, кызмат тууралуу толук маалымат алуу үчүн 119 номери иштейт. Убактылуу каттоо арызын ошондой эле portal.srs.kg порталына да жиберүүгө болот.

Маалыматтык буклеттер кыргыз, орус жана англис тилинде даярдалган.

Булак:Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу