Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы көчөгө ыйгарылды

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы Аксы районунун Авлетим айылындагы көчөгө ыйгарылды. Бул тууралуу кызы Айзуура Иманалиева билдирди.

“Жалал-Абад облусуна караштуу, Аксы районунун Авлетим айылында апакебиздин атынан — Гүлбү Ороскул кызы атындагы чоң көчө расмий түрдө пайда болду. Ошондой эле дал ушул көчөдө, апакем өзү ичип чоңойгон булакка да ысымы ыйгарылды. Бир четинен сыймыктансам, кайра жүрөгүм тызылдайт. Колдогон, кылган иштерин унутпаган эли бар экени сүйүнтөт. Буюрса дагы далай иштер жасалат деген үмүттөмүн”,-деп билдирди Айзуура.

Эскерте кетсек, белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылы 6-октябрда 40 жашында кайтыш болгон. Ал угармандарга «Ортомчу бизге көл кечи», «Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага» жана башка ырларды ийине жеткире аткарганы менен таанымал болгон. Акыркы жылдарда ал чыгармачылыгы менен катар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Сармерден» көрсөтүүсүн алып барып жүргөн.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу