Шадиев кайра келем, майлуу кызматты ээлеймин деген ойдобу?

Мындан бир нече ай мурда өзүнө кылмыш иши ачыларын бир күн мурда сезип, мурдагы ЖК депутаты кичи мекени Лейлек району Тажикстан менен чектешкен аймактан дарыяны кечип өтүп, андан ары океанды “сүзүп өтүп” АКШда болуп калган. Бирок “сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт”,-демекчи, бул азаматтын океандын ары жакка кантип жеткендигинен да 25 банкта 7 млн доллар накталай акчасы бар экендиги, жалпы байлыгы 2 млрд долларга барабар экендиги элдин эсин оодарып, оозун Ошту караткан. Жакында БШК ары карап ыйлап, бери карап күлүп, “Бир бол” партиясынын бул депутатын мандатынан ажыратар менен соттук териштирүү иштерин баштады. Ушул арада А. Шадиевге карата үч кылмыш иши тек жасалма козголгону, жакында аны фракциядан чыгаруу жана мандаттан ажыратуу жөнүндө кабыл алынган чечим мыйзамсыз болгону тууралуу анын атынан Интернетке билдирүү тарады. Ошол эле учурда БШК менен «Бир Бол» фракциясы Шадиев өз арызынын негизинде мүчөлүктөн чыгарылып, мандаты мыйзамдуу алынганын жарыялап, анын билдирүүсүн “түшүнүксүз саясий оюн” катары баалоодо. Адвокаты У. Каримов болсо А. Шадиев тергөөдө суралбаганын, тергөө материалдары менен таанышпаганын жана айыптоо корутундусун колуна ала электигин айтып соттордун башын айландырууда. Айтор амалкөй А. Шадиев бул ирет да адатынча соттордун чечимин мыйзамсыз деп таап, бийлик алмашканда өңүн дагы кубултуп, Кыргызстанга кайра келем, майлуу, сүттүү дагы бир кызматты ээлеймин деген ойдо жүрсө керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу