Чынара Капарова: «Ондогон жетекчилер менен иштешкем, бир гана Илим Карыпбековдун эки жүздүү башкаруусуна чыдаган жокмун…»

Белгилүү диктор Чынара Капарова КТРКнын 60 жылдыгына карата жеке эскерүүлөрүндө ал иштешкен жетекчилер жана жумушу тууралуу жеке баракчасы аркылуу эскерип кетти. Анда диктор айым «Ондогон жетекчилер менен канча жыл эриш-аркак иштеп келдим, бир гана Илим Карыпбековдун эки жүздүү башкаруусуна чыдаган жокмун»-деген оюн айтты.

Буга удаалаш эле, жаш кезде кетирген кемчилигин белгилеп, ошол кезде жетекчи болуп турган Мырзакул Мамбеталиев тууралуу да ойлорун жазды.

Эске салсак, журналист жана диктор Чынара Капарова 2016-жылдары КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун буйругу менен иштен алынган. Жетекчинин мындай кылыгына Капарова күлкү келерлик шылтоо менен, Сүйүнбай Эралиевди  «Эл Баатыры, ата мекендик согуштун баатыры дедиң» деген шылтоо менен жумуштан алды деген.

Учурда диктор айым жаш муундарга билимин бөлүшүп, шаарыбыздагы жогорку окуу жайлардын биринде  окутуучу катары кызмат өтөп келет.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу