Чубак ажы эмнеге ачууланды?

Дин аалымы, белгилүу Чубак ажы Жалилов Базар -Коргонго өз иштери менен барып калып, алдынан чыккан капкара паранжы кийип алган жаш келинди токтотуп алып катуу урушту:

-Сен эмнеге динге көө сүйкөп, паранжы тагынып алдың. Курандын кайсы жеринде “паранжы кийип жүзүңдү жап” деген жери бар. “Паранжы жамынганга дин да ширят да жол бербейт” деп катуу ачууланды. Чын эле паранжы жамынган динге көлөкө түшүргөн жокпу?

Айткандай жакында бир жаш келин беш айлык баласын көтөрүп, капкара паранжы кийип алып ооруканага келиптир. Паранжы менен келе жатып чалынып жыгылып кетсе эмне болот. Бул жерден өзү эмне болсо ошо болсун, бирок наристеге убал болот го? Бетти жаппай жүзү ачык жүргөн кишилер тайгакта тайгаланып жыгылып кетип жатат, анан паранжы менен бетти чүмкөп алган тиги келип жыгылбайт деп ким кепилдик бере алат. Чубак ажы айткандай, шарият жол берген нерселерге басым жасап,бөрк ал десе баш алгандай, дин деп эле ашыкча жорукка берилгендер шарият жол бербеген нерседен алыс болушса деген эле кеп.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу