Чолпон ТАЛИПБЕК: «Чоң сахнада жалгыз ырдай элекмин»

Ырчы Чолпон Талипбек бул убакка чейин «Нон-Стоп» дуэтинин ырчысы катары таанылып келген. Мындан аз убакыт мурун аталган дуэт тарап, Максат менен Чолпон өз алдынча кеткен. Андан бери Чолпон эки ыр жаздырып, бир клип тартканга жетишти. Учурда убактысынын баарын чыгармачылыкка арнап жаткан ырчы кыз биздин маек төрүбүздө болду.

– Чолпон, Казакстанга барып келдиң, чыгармачылык иштер менен бардыңбы?

– Менин эгиз сиңдилерим Мадина менен Медина «Таиланддагы эс алуу» аттуу казак тасмасында роль ойношкон эле. Аталган тасма жарыкка чыгып, Казакстанга барып көрүп келдик. Буюрса, Бишкекте да жакынкы күндөрдө көрсөтүлөт.

– Өзүң «Нон-Стоп» тобунан чыгып жалгыз иштеп баштадың, чыгармачылыгың кандай уланып жатат?

– Азыр жанымда жакындарым жардам берип, эгиз сиңдилерим менеджер катары көп жумушту аткарып жатышат. Алгачкы жалгыз жаздырган «Ищу тебя» аттуу ырымдын клибинде синдим Медина режиссёрдун да, монтаждоочунун да милдетин өзү аткарды. Жакындарымдан жакшы колдоо болгондуктан, жалгыз иштөөнүн кыйынчылыгы анчалык билинген жок.

– Сиңдиң Медина ошол жаатта адис болсо керек эле?

– Ооба, мен негизи Искусство институтунун теле жана радио режиссёру бөлүмүн аяктагам. Сиңдим болсо ошол эле университетте операторлук кесипти кызыл диплом менен бүткөн. Бул убакка чейин теледе иштеп келген, бул анын алгачкы тарткан клиби болду. Учурда экинчи жаздырган ырым «Көйрөң жигитке» клип тарталы деп сценарийдин үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, 1-марттан баштап тартабыз.

– Алина Жетигенова аткарган «Көйрөң жигит» аттуу ыр кезинде абдан популярдуу болду эле, сен кандайча бул ырга токтолуп калдың?

– “Ушул ырды сен ырдасаң, абдан жарашат», — деп мага сунушташты. Мен мындай ыр бар экенин билчүмүн, бирок көп уккан эмесмин. Анан Алина Жетигеновага чалып уруксат сурасам дароо эле макулдугун берди. Буюрса, эже мартта концерт коёт экен, ошол концертте да ырдайм. Ыр өзүмө абдан жакты.

– Сахнада дайыма Максат менен дуэт ырдап көңүп калган болсоң керек, учурда жалгыз ырдаганда ыңгайсыздык болгон жокпу?

– Чоң сахнада жалгыз ырдай элекмин. Андыктан жалгыз ырдаган кандай экенин сезе элекмин. Чынында сегиз жылдан бери Максат менен ырдап көнүп калгам. Негизи дуэт ырдаган ыңгайлуу, ырдын жарымын эле ырдайсың, жаныңдагы адамдан колдоону сезип турасың, сөзүңдү унутуп калсаң ал колдоп кетет. Бирок ошол эле учурда ар бир адамдын өзүнүн көз карашы, ырга, кийимге болгон табити болот дегендей. Азыр ошол нерселердин баарын табитиме жараша өзүм тандап атам, бул жагынан алып караганда жалгыз иштеген ыңгайлуу окшойт.

– Максат экөөңөр мындан кийин деле чогуу жаздырган ырларыңарды дуэт аткарып турасыңарбы?

– Жок, мындан ары чогуу ырдабайбыз. Марттан баштап чакыруулар болуп атат, эми сахнага жалгыз чыга баштайм.

– Максат экөөңөрдүн мамилеңер учурда кандай, эл арасында экөө келишпей калышыптыр деп айтылып жүрөт?

– Максат экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Ал учурда Таиландда. Ар бир адамда ар кандай мүнөз болот эмеспи, чогуу иштеген сегиз жылдын ичинде бир да жолу урушкан жокпуз деп айта албайм. Бирок азыр мамилебиз түз, бири-бирибиздин абалыбызды сурап турабыз. Жеке ырым чыкканда ал мага оюн айтып турат.

– Силердин иштешпей калганыңарга Максаттын сүйүктүүсүн тапканы да себеп болду деп айтылып калат…

– Жок, ал сөздүн чындыгы жок. Максаттын сүйлөшкөн кызы менен сегиз жылдан бери тааныш болуп, учурашып, сүйлөшүп эле жүрчүбүз. Экөө кечелерге чогуу келип калышчу. Болгону продюсердин талабы боюнча жеке жашообуз айтылчу эмес. Эми иштешүү келишими бүткөндө аларга эркиндик берилип, ачыкка чыгып, баары Максаттын кызы тууралуу билип калышты.

– Сенин жигитиң качан ачыкка чыгат?

– (күлүп) Мен жеке жашоомду элге жар салганга шашпайм. Анткени ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Мага учурда чыгармачылыгым менен бөлүшүү гана жетиштүү. А жеке жашоомду турмуш курарда элге чыгарышым мүмкүн. Азыр жигитим бар деп айта албайм, сөз айткан жигиттер бар. Чыныгы сүйүүмдү, балким, таба элекмин. Бирок жакынкы бир жылдын ичинде турмушка чыкпайм деп айта алам. Анткени бул жылды өзүмө, чыгармачылыгыма арнаймын деген максат койдум. Күн сайын бийге барып, залга барып, ден соолугумду карап, ырларымдын үстүндө иштеп атам. Англис тилин өздөштүрүүмдү да жогорулатышым керек. “27ге чыктың турмушка чык”, — дегендерге кошулбайм, ар бир нерсенин өз убагы болот.

– Сахнага чыккандан баштап сырткы келбетиң бир калыпта, бул үчүн кандай аракеттерди кыласың?

– Ар бир нерсе адамдын өз колунда деп ойлойм. Бул нерсенин сыры туура тамактануу, спортко жакынмын, зыяндуу адаттарым жок. Мен кыздарга үлгү болгонго аракет кылам. Жумасына 3-4 жолу машыгуучу залга барам. Андан чыгып йогага же бассейнге барышым мүмкүн. Убакыт жетишпейт дегендерге ишенбейм, адам бир саатты өзүнө арнаганга убакыт табышы шарт. Залдарда ашкана бар, ошол жактан туура тамактанууну билип алам. Биз үч жолу тамактанабыз деп калабыз го, жок, күнүнө беш жолу тамактануу туура деп эсептелет. Адам аздан күнүнө беш жолу тамактанса ден соолугу мыкты болуп, тамак сиңирүүсү жакшырат.

– Ашканада кандайсың, тамак жасаганды билесиңби?

– Ашканада тамакты мыкты жасайм деп айта албайм. Үйдө төрт кызбыз, ар бирибиздин өз милдетибиз бар. Мен улуу болгондуктан сиңдим менен апам мени көп иштен бошотушкан. Бирок убактым болгондо жардам берүүгө аракет кылам. Үйдөгүлөр менин аш басканымды жактырышат. Жаратылышка барганда же үйдөн аш жегилери келгенде: «Чолпон баарын даярдап койдук, аш баса кал», — деп турушат. Эсимде, 11 жашымда үйдөгүдөрдүн баарын 8де тамакка келгиле деп чакырып, интернеттен көрүп аш баскам. Тилекке каршы, баскан ашым ботко болуп, окшошпой калды. Ошондо таякем: «Интернетиң болбогон нерсе, мен сага үйрөтөм», — деп аш басканды эртеси үйрөткөн. 11 жашымдан бери үйдөгүлөргө аш басып берип кубандырып келем. Бул тамакты жакшы жасарымды досторумдан бери билишет. Ал эми камыр тамактардан алысмын.

Булак: lady.kg

Динара ЧОКОЕВ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу