Чет өлкөгө саякатка чыгаарда эмнени эске алыш керек?

1. Документ жана акча

Жолго чыгаарда:

  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Сиз бара жаткан өлкөдөгү Кыргызстандын консулдук кызматы менен
    байланышуу жана алардын дарегин тактап билип алуу;
  • Өлкөнүн бажы эрежелери менен таанышып алуу;
  • Башка өлкөдө кандай карталык төлөмдөр колдонууга болоорун тактап билүү.
  • Жолго чыкканда:
  • Ар дайым керектүү документтериңизди (паспорт, карталык төлөм) жаныңызда
    ала жүрүңүз;
  • Эгерде керектүү документтериңизди жоготуп алсаңыз, дароо Кыргызстандын
    консулдук кызматына барыңыз.

    2. Жеке коопсуздук үчүн

  • Жакындарыңызга башка мамлекетке кетип бара жатканыңыз тууралуу
    кабарлар коюңуз. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо бара турган дарегиңизди жана
    телефон номуруңузду калтырып койсоңуз ашыктык кылбайт;
  • Турист болуп бара жатканыңзды далилдеген коопсуздук баракчаңыз дайыма
    жаныңызда болуусу шарт;
  • Жолдо кезиккен ар бир адамга эле ишене бербеңиз жана сырдашпаңыз;
  • Жеке менчик такси кызматын пайдаланбаганыңыз оң;
  • Балдарыңызды көз жаздымга дагы кароосуз калтырбаңыз;

    Бейтааныш адамдар менен ичкилик ичпеңиз;

Эгерде мейманкада жайланышкан болсоңуз, эшигиңизди кулпулагандан соң
ачкычты өзүңүз менен алып жүрбөңүз, аны тийиштүү жерге калтырып
кеткениңиз оң;

3. Аптечка алууну унутпаныз!

  • Лейкопластырь;
  • Йод;
  • Фестал, но-шпа, смекта аттуу дарылар керектелет;
  • Ооруну басандатуучу дарылардан алып алсаңыз ашыктык кылбайт;
  • Антигистамин (Аллергияга каршы)
  • Сасык тумоого каршы дарылар да керектелип калышы мүмкүн.Буга кошумча,
    жергиликтүү өлкөнүн ашканасынан даам сызуу ден соолугуңузга көйгөй
    жаратышы мүмкүн, андыктан азыраактан ооз тийип алгач ашканзанды
    көндүрүңүз. Ошондой эле өзүңүздүн коппсуздугуңуз үчүн ачыла элек
    бөтөлкөдөгү сууларды ичкениңиз оң.

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу