Фоторепортаж-Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядан 1 млрд. евро алып кайтат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визити менен Германия Федеративдүү Республикасында жүрөт.

16-апрель, визиттин экинчи күнүндө, Берлинде Президент Сооронбай Жээнбеков менен ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу салтанаты өттү. Андан ары мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен ошондой эле Бундестагдын Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасашты.

Андан ары мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен баарлашты. Берлинде ал Рейхстаг имаратында болуп, экскурсия маалында аман калган аскерлердин 1945-жылдын май айында ушул жерге калтырган кол жазмаларынын фрагменттерин өз көзү менен көрүп чыкты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визитинин жыйынтыгы менен дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык алакалар, финансы жаатындагы кызматташууларды бекемдөөгө багытталган жалпы суммасы 1 млрд. евродон ашык эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу