Финансы министри депутаттарга: «Мен кызматка жаңы эле келсем «кет» деп жатасыңар»

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Мурадыл Мадеминов «өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе кетиши керек» деген пикирин айтты. «Өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе, мындай өкмөттүн кереги жок. Алар кызматтан кетишип, жеке менчик тармакта иштесин. Ошондо туура болот. Бюджетти толтура албай жатабыз деп бул мыйзам долбооруна каршы чыкканыңар туура эмес», — дейт ал.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева«Мен жаңы эле кызматка келсем «кет» деп жатасыңар. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса бюджетке канча каражат түшпөй кала турганын сурадыңар, мен жооп бердим. Минтип айтканыңар туура эмес да», — деди.

Мадеминов бул сөз ага тиешелүү эместигин айтты.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу