Фарида Карбосова: «Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт…»

Ырчы Фарида Карбосова “эмнеге ийгиликке жетишип бара жаткан досторубузду,ошондой эле бизнесте өзүн көрсөтүп жаткан адамдарды көрө албайбыз?” деген суроо узатты. Бул тууралуу ал өзүнүн пикирин күйөрмандарга бөлүштү.

“Бул сөздүн мага тиешеси жок. Бирок бирөө бир жакшы нерселердин башын баштаса эле ал мындай ал тигиндей дейбиз, беш кол тең эмес деп ойлойм,ар бир адамдын ырыскысы өзүнүн ой тилегинде.Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт,бир келген жашоодо өзүбүздүн өмүрүбүздү, ден-соолугубузду, бөөдө кырсыктан тышкары амандыгыбызды тилейли. Жашоо бир эле келет, ана байлыктын башында олтуруп адамдар эмне болуп жатат? Кустуруп жатат го жаман жактан, ошол үчүн адамдын алды,арты эмес,ортодо катардагы адам катары, арабабызды тартып кете берели. Байлык убактылуу, баары калат!”,-деген пикирин билдирди Карбосова.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу