УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти. Мындай маалыматты аталган органдан кабарлашты.

Төраганын чечим кабыл алышына биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкууга алынганы себеп болгон. УКМК бул окуя тууралуу расмий маалымат берип, айыпталып жаткандар боюнча жетишерлик далилдер бар экенин айтуу менен бирге:

— Буга карабастан коомчулукта бул маселе бир тараптуу талкууланып, тергөөгө менин таасир эткенимди айтып жатышат. Мындай туура эмес пикирлердин пайда болушунан улам кызматтан кетүүнү чечтим, — деген Идрис Кадыркуловдун билдирүүсүн да маалымдаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Идрис Кадыркуловду өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан алды. Мындай жарлыкка мамлекет башчы кол койгонун президенттик аппараттан маалымдашты.

Кошумчалай кетсек, Идрис Кадыркулов 2018-жылдын 20-апрелинде УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

Булак: Маралфм

Аргумент.kg
Жооп калтыруу