Турсунбек Бейшенбеков, жаш саясатчы: «Алмаз Шаршенович, уятсыздыктын дагы чеги болот го, уялыңыз!»

 

Аксы курмандыктарын эскерип, куран окутам деген экс президент элди чогултуп алып, калпты-чынды аралаштырып бакылдап жатат. Атамбаев куран түшүрөт дегенде үмүт кылган арбактар, Атамбаевдин сөзүнөн кийин бир көрүнөн оодарылып кеткендир. Себеби, Атамбаев аксылык маркумдарды айтпай эле, «мен жакшы иштегем, мен акылдуу, калганы бүт жаман» деп сүйлөп жатат. Барынан кызыгы, «Ислам Каримов мени кетирем деп канча аракет кылды»-деп аны да кыпчып кетти. Мындан тышкары, «Мен өнүгүп, алдыга жылып жаткан Кыргызстанды өткөрүп бердим»-деп айтканда эч жери, кулагы, мурду кызарган жок. Атамбаев кандай Кыргызстарды бизге калтырганын калыс эл сиздер айтыңыздарчы! Атамбаев кыска убакытта тышкы карызды 4,5 млрд долларга көбөйтүп, ТЭЦ, Музей, жол салууга бөлүнгөн акчаларды талап-тоноп кетти го! Эл дагы деле жакыр жашады, өзү кабаттап хан сарайларды салды. 2010-жылы шымы жыртык шопуру 6 жылда миллионерге айланды. Алмаз Шаршенович, тынч куран окуп кетип калсаңыз болмок. Мынтип калп айтып, позор болуп, элдин дагы шылдыңына кабылбай эле. Уялыңызчы, тынч отурсаңыз болбойбу? Эмне жетпейт сизге?…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу