Темир Сариев Москвага учуп кетти…

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев ушул тапта коомдук, саясий жана маданий иштер менен кызуу алектенүүдө. Кечээ, «Апрель» телеканалынын чакыруусу менен «Нить накала» программасына барып актуалдуу маек берип чыккан соң, Кино Үйүндө юштурулган ССРдин жана Кыргызстандын эл артисти Муратбек Рыскуловдун жаркын элесине арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Ал эми бүгүн Москва шаарына, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш чарага катышуу үчүн учуп кетти.

Негизи эле Темир Сариев төгөрү төп келген, руханий азыкка бай инсандардын бири десек жаңылышпайбыз. Сариев ар-дайым улуттук баалуулуктарыбызды, маданиятыбызды жана маданият тармагындагы инсандарыбызды ар-тараптан колдоп келет. Быйылкы «Айтматов жылында» залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата болуп жаткан иш чараларга активдүү катышып, өз салымын үзүрлүү кошууда.

Жыл башында Темир Сариев Улуу кыргыз элинин тарыхын, улуу мурасын жана дөөлөтүн изилдеп чыгуу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгилеп, кыргыздын тарыхын изилдөөгө жана бекемдөөгө жыл сайын жүз миң сом өлчөмүндө акчалай жардам берерин убадалаган. Темир Сариевдин башкы максаты Улуттук баалуулуктарыбызды, каада салтыбызды, маданиятыбызды өнүктүрүү жана аны колдоого алуу.

Булак: ЧЫНДЫК



Сиздин пикир