Текебаев менен Чотонов сегиз кишилик камерага которулду

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкектеги №1 тергөө абагынын сегиз адам отурган камерасына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, борбордун эки кызматкери бүгүн Текебаев жана Чотонов менен жолугуп келишти, укук бузуу же кыйноо тууралуу арыз-даттануу түшкөн жок:

— Текебаевдин сөзү боюнча, аларды тергөө абагынын эң шарты жакшыраак камерасына жайгаштырыптыр. Камера жалпы экен. Сегиз адамдык. Ал Чотонов менен чогуу экен. Экөөнөн тышкары алты адамдын арасында мурда соттолгондор жок. Баары мурда мамлекеттик кызматта иштегендер экен. Кармоо шартына арыз түшкөн жок, болгону ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которууга көмөктөшүүнү суранышты.

№47 абак Бишкекте жайгашкан, ал жакта дарыланып жаткан соттолгондор кармалат.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы “Мегаком” уюлдук компаниясы үчүн орус жаранынан бир миллион доллар пара алган деген айып менен ар бири сегиз жылдан соттолгон. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай өкүмүн жакында шаардык сот күчүндө калтырды.

Чотoнов менен Текебаев быйыл февраль айынын аягында кармалып, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жатышкан. Сот өкүмү чыккандан кийин алар №1 тергөө абагына которулду.

Соттолгон эки саясатчы жана алардын тарапкерлери өкүмдү оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугу деп атап келе жатышат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу