Текебаевдин колундагы Дача-СУга кулаган жүктүн документи чындык экени тастыкталабы?

«Ата-Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайкүл Токтакунова лидери Өмүрбек Текебаев Дача-СУга кулап, өлүм алып келген самолёттогу жүк Атамбаевдин жакындарына таандык болгон деген документтин көчүрмөсүн коомчулукка жарыялап,экс-президенттин каарына калышып, соттун чечими менен президентке 10 млн сом доо төлөп бермей болушкан. Эми юристтерди сот кайрадан күнөөсүз деп чечим чыгарды. Бирок, Текебаев алып келген документтин тагдыры кандай болору кызык болууда. Сот ошол документтин көчүрмөсүн көрсөткөн юристтерди актап койду, демек документ калп болушу мүмкүн эмес.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте отчёт берип жатып, Дача-СУ иши кайра жандандырылганын айткан. Бизге жеткен маалымат боюнча Текебаев кандуу жүк боюнча документти Грециядан колуна алган. Ушул эле маселе боюнча Европанын дагы бир шаарында жолугушуу макулдашылып, ага Текебаев бара албай калганы айтылып жатат. Текебаев менен жолугушууга кызыкдар болуп чыккан адамдарда дагы кандуу жүк тууралуу далилдүү фактылар болгонун ушундан эле баамдаса болчудай. Батукаевдин иши соңуна чыккан соң, кандуу жүктүн иликтөөсү андан дагы ысык болчудай болуп турат. Текебаевге документ берген тарап жөн турбаса керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу