Тарбия берүүдө ата-эненин 8 катасы…

Балага тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң, ага чоң маани берүү абзел. Анын келечекте кандай адам болооруна эң ириде үйдөгү тарбия роль ойнойт. «Куш уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» демекчи, баланын өз алдынча калыптануусу, коомдогу орду, мунун баардыгы ата-энеге байланыштуу. Ата-эне кайсы 8 жаңылыштыкты бала тарбиялоодо кетирбеши керек?- бул туурасында балдарды коргоо борборунун психологу Таалайбек Жакыпов ой бөлүшөт.

  1. Эмне үчүн көп учурда ата-энелер балдарынын чоңоюп калганына маани бербей, мурдагысындай эле мамиле кыла беришет? Же тескерисинче кичинекейинен эле жоопкерчиликтердин баарын артып салып, сен тун уулумсуң, же тун кызымсың деп андан чоң нерселерди талап кылышат?

Бүгүнкү күндө ата-энелердин баардыгы эле үй-бүлө күтүүгө, баланы тарбиялоого даяр эмес. Ал үчүн ата-энеде атайын билим болушу керек. Союз учурунда эч кандай даярдыгы жок эле балдарды жакшы тарбиялашчу деп айтышат, эмнеге? Ал мезгилде чоң-чоң үй-бүлөлөр болоор эле, ата-энесинен сырткары жеңесинин, байкелеринин, чоң ата, чоң энелеринин жүргөндөрүн көрүп бала алардан үлгү алып тарбияланышчу. Азыр болсо жаштар үй-бүлө кураары менен эле өз алдынча бөлүнгөнчө шашышат. Алардын балага кандай тарбия бериш керектиги тууралуу маалыматы да жок. Андан сырткары муундар ортосундагы карама-каршылык да бар. Маселен, кээ бир үй-бүлөлөрдө чоң ата же чоң энелери баланы кичинекей көрүп, ага тийбе десе, баланын өз ата-энеси “бул чоңоюп калды, аткарсын, жоопкерчиликти алганды үйрөтүшүбүз керек” деп айтышат. Ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн бири-бирине болгон мамилеси баланын тарбиясына сөзсүз өз таасир тийгизет. Ошол үчүн баланы кичинекей же чоң деп айтканга болбойт. Эгерде ата-эненин өздөрүндө баланын астында жоопкерчилиги болсо, ал нерсе дасторкон үстүндө олтурганда, чогуу тасма көрүп жатканда эле аныкталат. Мисалы үчүн чогуу кино көрүп жатаканда, кинону кайра эле үй-бүлө ичинде “баш каарман эмнеге минтти, сага кимиси жакты” деп талкууга алынат. Бул нерсенин баары үй-бүлөлөр ортосундагы мамилени мүнөздөп турат. Арабдарда же япондордо “балаң уялганга чейин жайына кой” деген нерсе бар. Мындайча айтканда, бала уялганды үйрөнгөндөн баштап тарбия бер дешет. Ошондуктан биринчиден баланын жаш өзгөчөлүгүнө көңүл буруу керек. Жаш өзгөчөлүгү дегенде, балаң бирде, же төрткө чыкты дегенден мурда, анын психологиялык жактан өсүп-өнүгүүсүн караш керек.

  1. Эмоционалдык баарлашуулардын жоктугуна эмнелер себеп? Көп учурда ата-эне кагып силкип “ыйлаба”, “оозуңду жап”, “тынч отур” “буту-колуңду сындырам” деген сыяктуу сөздөр менен балдардын табиятындагы эмоциясына тыюу салат, мунун таасири кандай болот?

Бүгүнкү күндө инфаркт, инсульт болуп жаткандардын көбү кимдер экенин карап көрсөңөр. Көбү эркектер. Эркек балдарды биз кантип тарбиялайбыз, “сага ыйлаганга болбойт, сен чыдамкай бол, сен эркексиң” — дейбиз. Биз ошентип айткан сайын баланын ички сезимдеринин сыртка чыгуусуна тоскоол болуп, ар кандай ооруларга дуушар кылат. Мисалы чайнекке толтура суу куйуп, оозун бекем жаап кайната берсек эмне болот, ал чайнек жарылат, капкагы ыргыйт. Ошол сыяктуу эле адамдын ичиндеги кайгысы, кубанычы, кыжырдануу сезимдери сыртка чыкпай жүрө берсе, ден-соолугунун бир жерин жарып чыгат. Айталы, канчалык адам кыжырданып, кекчил болсо, ачуусун сыртка чыгара албаса боору ооруйт. Же эртең эмне болот деп дайыма коркуп, кандайдыр бир санаа менен жүрсө бөйрөгү ооруйт. Ар бир оорунун психосоматикалык жактан байланышы болот. Мындайча айтканда, оорунун 70-80 пайызы адамдын ички сезимдерине байланыштуу болот. Ошондуктан кичинекей балдардын сезимдерин ичине катканга эмес, тескерисинче жеңил чыгарганга үйрөтүш керек. Көйгөйдүн баары ушул жерде болуп жатат. Балдарды ыйлаба, жаагыңды жап дебестен, сезимдерин сыртка чыгарууга жардам беригиле демекчимин. Мисалы, баласы мектептен ачууланып келип “мен Мурат менен ойнобойм, ал жаман экен, мен аны сабайм” десе ата-эне “эмнеге сабайсың, сени каматып салат” деп акыл айтып коюшат. Анын ордуна баланы эринбей толук угуп, “сенин ачууң келген турбайбы, чын элеби, сабагың келип жатабы” деп улам айткан сайын баланын ачуусу чыгып, жеңилдеп калат. Ошол үчүн балдарды укканды үйрөнүш керек. Муну баарыбыз билбейбиз.

Учурда социалдык түйүндөрдүн пайда болуусу менен жандуу баарлашууну жок кылды. Ата-эне социалдык тармактарга кирип алган соң, “жөн отур, бар нары жака барып тынч ойно, акырын отур” деп кагып-силкип, баланы укмак турсун жанына жакын жуутпайт, ошентип ал бала жабылып калат.

  1. Баланы инсан катары кантип тарбиялоо керек? Анткени ата-эне ага кандай мамиле кылса айлана чөйрө дагы ошондой мамиле кылып, баланын келечеги ошого жараша курулабы?

Кээ бир балдарды карасак өздөрү эле жакшы мамилеге, айрымдары урушууга тартып турат. Бир үй-бүлөдө беш бала болсо, алардын ар башка кыялы бар да. Баланын кыялдары, мүнөздөрү ата-эненин тарбиясына жараша болот. Мисалы, уялчаак, тартынчаак, жер карап көп сүйлөбөгөн балдар болот, ошол эле учурда тапан, урушчаак же колу туткак балдар бар. Ошентип үй-бүлөдөн кандай тарбия берилсе, айлана чөйрөдөгүлөр дагы ага ошондой мамиле кылат. Азыркы учурда ата-энелер, “балдарды уурдап кетип жатат, тааныш эмес киши менен сүйлөшпө, тигини өлтүрүп кетиптир” деген терс маанидеги кабарларды көп жолу балага айткан сайын, баланын айлана-чөйрөгө болгон ишеними жоголуп, аны душман катары кабыл ала баштайт. Душмандардан дайыма коргонуп, дайыма чыңалуунун үстүндө, “мени чабып жиберет” деген сыяктуу күтүүдө жүрөт. Ал канчалык деңгээлде күткөн сайын, ошончолук ал нерселердин баары болот.

  1. Ар бир баланын мүнөзүн, ага гана тиешелүү жеке сапаттарын ата-эне эмнеге өзгөрткүсү келе берет?

Эгерде биз кимдир бирөөнү өзгөртүүгө аракет кылсак, ал сөзсүз түрдө каршылык кылат. Каршылык көрсөткөндөн кийин жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Мүнөздү өзгөрткөндөн мурун балага болгон көз карашты өзгөртүшүбүз керек. Өзүбүз мамилебиз өзгөргөн сайын, бала ошончолук өзгөрө баштайт. Мындай бир учурлар болгон, бир бала үйүнө такыр эле түнөбөй, тентектерге кошулуп качып кеткенди адат кылып алган. Үйдөгүлөрү сүйрөп келип, эшик, терезесин жаап, камап көрүшсө дагы кайра эле качып кетет. Анан ата-эне өздөрү олтуруп алып, балага мээрим берип, “биз сени жакшы көрөбүз” деп кайра-кайра айта башташат. Бала бир канча күндөн кийин үйүнө кайтып келип, жаман балдардан алыстайт. Биз эмне кылдык, балага болгон көз карашыбызды өзгөрттүк. Балага канчалык көз карашты өзгөрткөн сайын ал дагы биз күткөн нерсеге келет.

Баланы эч качан бирөөгө салыштырбаш керек. “Карачы тиги тентек кылбай эле олтурат” десек, бала ого бетер тентек кылат, өзүн тиги баладан кем сезе баштайт. Андыктан ар бир баланын өз жан дүйнөсү бар экенин унутпайлы.

  1. Эмне үчүн балага ишеним артуу жок, ата-эне ага ишене бербейт?

Коргоо-жаратылыштан берилген инстинкт. Ата-энелердин өздөрүндө айлана-чөйрөгө, жаратылышка болгон ишеним жоктугунан улам, баланы катуу көзөмөлгө алышат. Биздин массалык маалымат каражаттарында “баланчаны унаа сүзүп кетиптир, түкүнчөнү уурдап кетиптир” деген маалыматтар көп болсо, адамдын аң сезиминде коркунуч орноп калат. Анан баласын эч жакка чыгаргысы келбей, теше тиктеп кармап олтуруп алышат. Биз баланы канчалык деңгээлде тегеректей берсек, алардын дагы ааламга болгон ишеними жоголот. Бул нерсенин негизги себеби баласына жакшылык кылайын, жамандыктан коргоюн деген эле аракет. Бирок кичине чек болуш керек. Бала деле айланасы менен байлынышууну үйрөнүшү зарыл. Үй-бүлөдө баланын башкалар менен мамиле түзүп сүйлөшүп кете алышына атасы маанилүү роль ойнойт. Атасы айлана-чөйрөгө кандай мамиле жасаса, бала так ошол мамилеге аралашып көнөт, ошого жараша үлгү алат.

  1. Балага өтө эле үйрүлүп түшүү туурабы? Маселен ал көптөн бери күткөн бала, жалгыз бала же кыз болсо. Өтө эле үйрүлүп түшүү баланын келечегине балта чаппайбы?

Балага ашыкча мээрим төгүү деген нерсе жок. Бул жерде ашыкча коргоп, үстүнө үйрүлүп түшүү тууралуу кеп болууда. Жалгыз балдарды оорубасын, көңүлү калбасын, кырсыкка учурабасын деп корккон сайын ошол нерсе сөзсүз түрдө болот. Мындай ыкма эки гана нерсеге алып барат. Биринчиси ата-энесинин айтканынан чыкпаган, алар жок өз алдынча эч нерсе жасай албаган мажүрөө болуп чоңоет, экинчиси, ашыкча камкордуктан буулугуп, агрессивдүү болот. Ал үчүн жалгыз бала болобу же көп бала болобу балага жоопкерчиликти моюнга алганга үйрөтүп, эркиндик бериш керек.

Эшиктен келдиби, кийимин чечип илгенге үйрөткүлө. Балам чарчап келген турбайбы деп, ыргыткан кийимдерин аркасынын жыйнап жүрө берсеңер бала ошого көнөт, мажүрөө же агрессивдүү болуп, мага баары карыз, мага баары берип турушу керек деп чоңоет.

  1. Тарбия берүүдө эне менен атанын ролу кандай болуусу шарт, анткени энеси бирди айтса, атасы башканы айтат, кош стандарттуулук десе болобу муну? Ата-эне эки башка тарбия, коом өзүнчө тарбия берип, жыйынтыгында таптакыр башка бала чоңоет. Анан ата-энеси биз муну минтип тарбиялаган эмеспиз деп таң калышат.

Көбүнчө биздин кыргыз үй-бүлөдө мен айтып койсом, сен келип алып сооротосуң деген нерсе бар. Атасы көчүккө чаап койсо, апасы келип мээрим берет. Анан атасы келип алып, мен аны урушсам, эмнеге сооротуп жатасың дейт. Ата-эне ортосунда атаандаштык жаралат. Ал үчүн балага тарбия берээрде ата-эне өзүнчө бир бөлмөгө кирип алып, балага билгизбей сүйлөшүп алуу керек. Бир чечимге келип алып, балага тарбия берүү жакшы натыйжа берет. Эң негизгиси тарбияда бала апасы менен атасы биримдиктүү экенин, алар бири-бирин колдоп жатканын көрүүсү керек.

  1. Эмне үчүн балага манипуляция же алдоо менен тарбия бербеш керек? Анткени ата-эне же ошол эле балдар ата-энесине бир максатына жетүү үчүн алдап же манипуляция кылышат, анын жыйынтыгы кандай болот?

Биз дайыма кимдир бирөөнү башкаруу үчүн манипуляция кылабыз. Бирок ар бир нерсенин чеги болот. Манипуляция кылууну биз балдарга өзүбүз үйрөтөбүз. Апасы көйнөк алгысы келсе, күйөсүнө барып өзү айтпай, кызын жиберет. Ал атасына барып эркелеп, мойнуна асылып, ата апама көйнөк алып берчи, болбосо мен ыйлайм дейт. Кызын жакшы көргөн атасы, макул болот. Кыз эмне болду, башкарганды үйрөндү. Кийин ал чоңойгондо күйөсүн башкарып, сыйлабайт. Жаш кезинде көргөнүн кылат, үй-бүлөдөгү мамиле бузулат. Башкарганда биз башкарып жаткан адамды сыйлабайбыз, аны жөн гана макулук катары көрөбүз. Мындайча айтканда кимдир бирөөнү башкаргым келип жатса, аны мактап, алдап, максатыма жетем. Андыктан чекти билүү керек.

Мына ушундай жөнөкөй көрүнгөн, ошол эле учурда абдан маанилүү катачылыктарды ар бир ата-эне кетирээрин айтат балдарды коргоо борборунун психологу Таалайбек Жакыпов.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу