Сыймык Бейшекеев: Сен бизге аябай керексиң жароокерим…

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев жубайы Назнур Акылбекованын туулган күнүнө өзгөчө куттуктоосун фейсбук баракчасына жарыялады.

Ал: “Тагдырымды өзүңдөй жароокер жанга шерик кылган жараткандын марттыгына шүгүр, үмүт кыялдарымдын үрөөнү, ийгилигимдин ишеними, балдарымдын мээримдүү апасы, АПАКЕМДИН ардактуу кызындай келини, обондорумдун орошон музасы болгон өмүр шеригим, туулган күнүң менен, кудайым бизге ыроологон ырыскысын узак жылдар бою чогуу татканга насип кылсын, ден соолукта болуп узак жаша, сен бизге аябай керексиң жароокерим!!! Туулган күнүн менен Нүкүш” деп жазды.

Атайын даярдалган видеодо жубайы Назнур Акылбекова экөөнүн жаңы таанышканын, балдарынын апасын, апасынын сүйүктүү келинин, дегеле жубайын сыйлаган, сүйүктүү адамы экенин айтып, музыканын коштоосунда видеоролик жасаган. Анын өзгөчө куттуктаганы ырчынын күйөрмандарына абдан жакшы маанай тартуулады, үлгүлүү үй-бүлөгө жылуу пикирлер, каалоо тилектер айтылды.

Эскерте кетсек ырчы Бейшекеевдин жубайы Назнур айым 42 жашка чыкты.

Бул шилтемеден Сыймык Бейшекеевдин жубайын куттуктаган видеосун көрө аласыз:
https://www.facebook.com/100006247119400/videos/21…

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу