Сурабалдиева сауналардын «кожоюндарын» билет экен

Facebook баракчасында депутат айым мэрдин пресс-катчысына ушундай билдирүү жөнөткөн. Мэрдин сауналарды жабуу сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева колдоп, мындай деп билдирди: “Гуля Алмамбет, мен силерге атактууларга тиешеси бар, ошондой мекемелердин, тизмеси менен келем, келгиле ошолордон баштайбыз. Бирок мындан кийин мени менен байкелердин жарымы сүйлөшпөй калат”- дейт эл өкүлү.

Чынында эле биздин көзгө көрүнүктүү аткаминерлерибиз мончо, сауна “жагып” бизнес кылышаары буга чейин деле белгилүү болуп келген, ал эми депутат Элвира Сурабалдиева бул чындык үчүн бир аз кайрып чыгарып койду десек туура болчудай. Депутат айткан тизмесин мэрияга алып барып берсе, өтө жакшы иш болгону турат. Айталы дегенибиз, тизменин негизинде текшерип башташса көп аткаминер “байкелерибиздин” жеке ишкерлигине бөгөт коюлуп, экологияны бир аз да болсо сактап калганга мүмкүнчүлүк жаралчудай.

Белгилей кетсек, Сурабалдиева тизмени берсем “байкелер” эми мени менен сүйлөшпөй калат деп бир чети кабатыр болуп, бир чети коркуп жазган…

Булак: NazarNews.kg



Сиздин пикир