Сот Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды…

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде камакка алынган эле. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эки адам камакта олтурат.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин жазган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу