Сооронбай мырза кызматтан кетет…

Учурда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун апрель айында бир жылдык отчётун берип, ошону менен ээлеген кызмат ордун өткөрүп берээри кеп болуп жатат. Ак үй жактан соккон желге караганда, президенттик шайлоого даярдык көрөт. Ордуна өкмөт башчы болом дегендер өлкө башчысынын көңүлүн табуу аракетин көрүп жаткан мезгил экен. Учурда 3-4 аткаминер катуу аракет көрүп жатыптыр. Өкмөт башчы болуп калышы мүмкүн дегендердин катарында Иса Өмүркулов, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абулгазиевдин ысымдары аталууда.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу