Сатыбалды мырзанын соодасы бүттү көрүнөт

Калтардай буйт берип, акчанын күчу менен өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен Жантөрө Сатыбалдыевдин соодасы бүтүп, жашоо сапарындагы оюндап четтеп турган кези. Ушул күн келээрин билгенде беш колду эмес, манжанын учун эле колдонуп, ач көздүккө берилбесе, курган киши жашоо шаңын күлүп жайнап өткөрүп жүрөт беле ким билет?

Кайран гана көр дүнүйө, кимди гана азгырбайт.  Курган жан ай, ачкөздүккө берилген Акаев менен Бакиевден эле сабак алса болмок, минтип балдардын чайын ичээрде кесерип абакта олтурбай. Бул жашоодо эч нерсе жазасыз калбасын билип туруп, ушул ишке барганы бул да пендечилик эмей эмне?

Айткандай өкмөт башчы болуп турган кезинде 10% деген дагы атка конуп кеткени бар. Анткени кандай иш болбосун “мага 10% бересиң” деп доляга олтурганы дагы кеп болгонсуган.

“Жебеген жердин алдында” деп айтылгандай, жесин, ким жебептир, бирок алдыны, арты карап койгондо ушул күндү көрбөйт беле деген гана ой. Айткандай УКМК дагы толук текшерип бутө элек. Эгер толук текшерип, чындыкты тапса, ичкен-жегендин баары былгып чыгат го, чиркин! Ошентип соодасы бүтүп, башы жерди карап, кылган ишке жооп бере  турган кезге да кезек келди.

Бердикожо мырза, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу