Сапар Исаков кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды чатырлар жана ысык тамак менен камсыз кылууну тапшырды

“Тиешелүү тапшырманы бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-
министри Сапар Исаков берди”, – деп маалымдайт өкмөттүн расмий сайты.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы  абалды ошондой
эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек
ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана
биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак
мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун бөлүүнү, түнү-күнү медициналык тез жардам
көрсөтүүнү камсыз кылууну милдеттендирди.
Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кыргыз-казак
мамлекеттик чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын санын жана андагы тез
бузулуучу азыктарды ташыган унааларды аныктап чыгуу тапшырмасы берилди.



Сиздин пикир