Санжар Муканбетов, экономика министри: “ЕАЭБдин алкагындагы мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз”

– Санжар Турдукожоевич, сиз аябай оор, жооптуу тармакка келдиңиз. Ишти эмнеден баштайын деп турасыз?

– Азыркы ички жана тышкы шарттарды карап жатабыз. Экономикалык жаңы саясат керек. Инвестицияларга болгон көз караш, анын ичинде ички инвесторлорду өнүктүрүү саясаты. ЕАЭБдин алкагында биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Биз сыртка чыгарып жаткан продукция негизинен чийки заттар катары чыгып, кошумча наркы жок болуп жатат. Ошондуктан, өндүрүштү өнүктүрүшүбүз керек. Анан санариптик экономиканын алкагында көп маселелер чечилчүдөй. Ортодогу далчылардын саны кыскарат. Өзгөчө шарттарда өскөн өзүбүздүн айыл чарба продукцияларын экспорттоону күчөтүү зарыл.

– Министрликтин штатын кайра карап чыгайын деген оюңуз жокпу?

– Аны азыр так айта албайм. Адегенде анализ жасап көрүп, анан ошого жараша иш кылабыз да.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу