Салянова эмнеге камалды?

Чуулгандуу Батукаевдин окуясынын тегерегинде бир топ мурунку атка минерлер камалды. Анын арасында экс-баш прокурор Аида Салянова дагы бар.  Саляновага каршы көрсөтмө берген баш прокурордун орун басары Усманова менен Нарындын атайын прокурору Акматалиев күнөөнү арта салып,  тергөө менен  кызматташкандыгына  байланыштуу эркиндикте жүрүшөт.  Салянова Атамбаевдин учурунда да куугунтукталып,  Бакиевдин адвокатына лицензияны мыйзамсыз берди деген айып тагылып, кичинекей кызы 14 жашка чыкканга чейин сыртынан эркинен ажыратылган эле. Эми минтип Батукаевдин иши боюнча камакка алынып темир тор артында отурат.  Бийлик Салянова аркылуу Атамбаевди камоого жол издеп атат деген коомчулукта сөздөр да жок эмес. Аида Салянова болсо бир канча жолу интервью берип, Батукаевдин иши боюнча Атамбаев ага буйрук бербегендиги боюнча айтып келген.   Бийлик Салянова аркылуу Атамбаевди камайбыз деген планы  өтө жаңылыштык экенин парламенттин депутаты Шыкмаматов айтып чыкты.  Ал эми Салянованын камалышы боюнча  соцтармактарда да катуу талкуу жүрүүдө.  Текебаев менен Жапаровдун  митингиндеги сүйлөгөн сөзү негиз болду дегендер да жок эмес. Аталган митингде Аида Салянова,  “Сооронбай Жээнбеков бүгүн  элди карайт же жерди карайт” деп айткан эле. Ошондо саясий куугунтук улануудабы?   Балким ошол сөздөрү куугунтукту күчөттүбү?

БУЛАК: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу