Саламат Садыкова: «Алыскы туугандан жаныңдагы кошунаң артык…»

Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова интернет баракчасына: “Кадырлуу Мекендештерим! Кыргызстаныбыз тынчтыктын, ынтымактын, сабырдуулук менен акылмандуулуктун изинен тайбасын. Баткен менен Тажик эли чектешкен аймактагы чийеленишкен маселелерге, карапайым калктын көз жашы төгүлбөшүн тилеймин.Бул тамыры бирге, жайыты жанаша салт санаасы окшош калкыбыздын бир дарыянын суусун ичкен, бирдей абадан дем алганын, сапарга чыкса санаалаш, тилектеш элден болуп келишкенин, көрүп өскөн Баткендин кызы катарында, эки элдин ортосундагы мамыр-жумур ширин тиричилигинде, болуп жарууну көздөгөн, калкыбыздын тынч уйкусун бүлүндүргүсү келип жаткан кара күчтөрдүн, кара ниеттерине жол бербөөңүздөргө чакырамын, бирин-экин тайкы кутумчу, элге эмес өз керт башынын кызыкчылыктарын көздөгөн арамза, орто заар саясатка адашып кирип алган, өз мүдөөсүн көздөгөн күчтөрдүн курмандыгына айланбасңыздар экен деп тилеймин..Акылман Бабаларыбыз айткан «Алыскы туугандан жаныңдагы кошунан артык» — Бүгүнкү Баткен чек арасындагы кырдаалдан пайдаланып, өз мүдөөсүн ишке ашыргысы келгендердин тымызын айыл аралап жойлоп жүрбөгөнүнө ким кепил болот…Ачууга, (паникага) алдырбагайсыздар…Ылайым бөөдө келчү кырсыктардан, дооматтардан оолак болушуңуздарды тилеймин. Айылдын башын бириктирген акыйкатты карманган ак сакалдууларыбыз, акылы тунук эртеңкиге сергек ой жүгүрткөн эр-азаматтарыбызга таяналы! Жараткан Баткен элине да бир дарыядан суу ташыган Тажик калкына сабырдуулкту ыроолосун! Тынчтык баа жеткисиз бактыбыз, байлыгыбыздан жараткан адаштырбасын! Урматым менен кызыңар Саламат Садыкова”-деп билдирет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу