Сагынбаевдин жыйыны далайды санаага салды

7-февралда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйын уюштуруп, бир жылдык иштин жыйынтыгын чыгарды. Анын маалыматы боюнча, 2018-жылы коррупция багытында 988 кылмыш иши козголгон. Иштеги кымырылган каражаттын суммасы 6 миллиард 927 миллион сомду түзөт. Кылмыштын алкагында 82 чиновникке айып тагылып, 44ү темир торго киргизилген. Коомчулук билгендей камалгандардын сап башында белгилүү аткаминерлер да бар. Алар боюнча дагы маалымат берилди. Айтсак, экс-мэр Албек Ибраимов бир нече кылмыш иш боюнча айыпталууда. «Дастан Инжиниринг» жана «Дастан» компанияларынын келишиминин негизинде атайын жабдуулар кымбат баада 21 миллион 942 миң сомго жеткирилген. Мындан улам Албек Ибраимовго, орун басарына жана башкы бухгалтерине коррупция жана алдамчылык боюнча айып тагылган. Ошол иштин алкагында Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алганы боюнча кармалган. Камалгандан кийин Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча Ибраимовго жаңы айып угузулган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан дагы бир чоң «фигуранын» бири, «шопур» деген каймана атка ээ болгон Икрамжан Илмияновдун иши боюнча дагы билдирди. Икрамжан 150 миң доллар пара алган деп шектелүүдө. Ал кылмыш ишти токтотууга көмөктөшүп, жогорудагы суммадагы каражатты чет элдик ишканадан алган. Чет өлкөлүк ишканалардын биринин жетекчиси Илмияновго 150 миң доллар берген. Андан кийин алардын маселеси чечилип, кылмыш иши токтотулуп, камактагы жүк ташуучу унаалары чыгарылган. Аталган кылмыш иштин алкагында салык төлөмдөрүн алып салган деп Салык кызматынын кызматкерине да айып тагылып, камакка алынган. Эске салсак, Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, Орусиядан кармалган.

Дамир Сагынбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши кол тийбестиктен ажыраганда жана кимдир бирөө көрсөтмө берген учурда козголушу мүмкүн экенин ачыкка чыгарды. «Эгер сотто каршы көрсөтмө берилсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат» деди. Экс-президенттин колтийбестик макамын алып салууну сунуштаган мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Мындан тышкары Сагынбаев бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү алдын ала 2018-жылы жүргөнүн, 2019-жылдын январь айында Башкы прокуратура тарабынан документ расмий катталганын айтты.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов парламент депутаттары Асылбек Жээнбековду, Каныбек Иманалиевди, Кожобек Рыспаевди, Курманбек Дыйканбаевди Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуш кылып, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана жогоруда аты аталган депутаттардын тийиштүү комитеттерди башкарганы үчүн да жоопкерчилиги бар экенин белгилеген. Коопсуздук кеңешинин катчысы Сагынбаев Токтакуновдун билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлбөй турганын баса белгиледи.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу