Рыскелди Момбеков: «Казакстанда шайлоонун шаңы бар, жаны жок…»

Казакстандагы добуш берүүнүн жүрүшүнө ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да көз салууда. Момбеков «Азаттыкка» маек куруп, өз пикири менен бөлүштү.

«Азаттык»: — Рыскелди мырза, сиз Казакстанда өтүп жаткан президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары көз салуудасыз. Жалпысынан шайлоонун жүрүшүн кандай баалап жатасыз?

Момбеков: — Жалпысынан алганда, мен шайлоонун шаңын көрүп атам, бирок шайлоонун жанын көрө албай жатам. Шаңы дегеним, шайлоого бекер концерт коюшуп, бекер автобус уюштуруп ар бир шайлоо участогунда майрамдык маанай уюштурганга аракет кылышыптыр. Бирок жаны жок дегеним, айыгышкан кармашууну, байкоочулардын кызуу катышуусун көрө алган жокмун. Эл аралык байкоочулар миссиясынын курамында кыдырып жүргөнүмдө шайлоо участокторунда байкоочулардын аздыгы көзгө урунду. Эки-үч гана талапкердин ишенимдүү адамдары, байкоочулары катышып жатат. Маселен, Амиржан Косановдун, Дания Эспаеванын, анан негизги талапкер деген Касым-Жомарт Токаевдин байкоочулары бар экен. Ушул эки-үч талапкер жөнүндө эле сөз болбосо, калгандары жөнүндө шайлоочулардын деле кабары жок экенин байкадым.

Бирок булардын шайлоо мыйзамдары биздикине караганда катаалыраак экен. Биздикиндей үйүнөн салып келип, ташып келип добуш берүү жок экен. Мен азыр 10дон ашык участокто болдум. Нур-Султандын четине да чыгып, шайлоочулар, байкоочулар жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен баарлашып жатам. Көпчүлүк чочуп жооп бербей жатса, айрымдар «сиз кайдан келдиңиз, эмне кыласыз» деп корккон сезими бар, дагы бир бөлүгү «шайлоонун жыйынтыгы добуш берүүгө чейин эле чечилип калды» деп кайдыгер мамиле кылып жатканы байкалды. Бирок активдүүлүк жогору эле. Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 35-40 пайызы катышканын билдирип жатышат.

«Азаттык»: — Ошол эле учурда шайлоо күнү Нур-Султан, Алматы жана башка шаарларда адамдар кармалып жатканы кабарланды. Бул жөнүндө байкоочулар арасында маалымат барбы?

Момбеков: — Биз да ошондой маалымат угуп, ал жерлерге барып, эмне себептен бойкот жасап жатканын билели десем, «Алматы шаарында болуп жатат» деп айтышты. Нур-Султанда 10 участокту көрдүм, ал жактан андай нерсени байкай албадым.

«Азаттык»: — Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү Казакстанды 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаганында болуп турат. Ошондуктан айрым эксперттер «кандай болгон күндө да өзгөрүүлөр болот» деп жатышат. Эмне өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, калктын маанайынан эмнени байкадыңыз?

Момбеков: — Саясатчы катары мен эки жигит менен сүйлөшсөм «шайлоонун негизги маселелери шайлоо күнү эмес, анын жыйынтыгы жарыяланган соң чыгат» деп айтып жатышат. Добуштар саналган соң анын жыйынтыгы кандай болот? Ошого жараша мамиле аныкталашы мүмкүн. «Шайлоодо тандачу киши жок» деген таарынычтарды байкадым. Ошондуктан анын жыйынтыгы кандай болор экен деп чочулаган пикирлер айтылууда. Бирок одоно мыйзам бузууну өзүм анча байкаган жокмун.

БУЛАК: azattyk

Аргумент.kg
Жооп калтыруу