Рулда отурбаган белгилүүлөр

Өзүнүн генийлигине карабастан Альберт Эйнштейн машина айдаганды билген эмес жана ал велосипед менен жүрүүнү жактырган. Же болбосо өзүбүздүн эле залкар замандашыбыз Чыңгыз Айтматовчу? Ал дагы өмүр бою рулга отурган жок. Булардын сыңарындай бүгүнкү машинасыз жашоону элестете албаган заманбап турмушта да жөө жүргөн жылдыздар бар экен. Алардын айрымдары унаа айдагандан корксо, айрымдары үчүн бул жөн гана кызыксыз.

 

Каныкей ЭРАЛИЕВА:  «Машина айдоо үчүн эр жүрөк болуш керек»

– Биз жаш убакта аялдардын автоунаа айдаганы өөн учурачу. Рулда жүргөн аялдар сейрек болгондуктан, ал нерсеге көңүл бурган эмеспиз. Андыктан улуу муун көпчүлүгүбүз рулга олтурбай калдык. Качан гана аялдардын баары машина айдай баштаганда биздин жаш курак өтүп кетти. Автоунаа айдаш үчүн коркпой эр жүрөк болуш керек экен. Мен корком да, андыктан жолдошум да: «Кой, балдар эле айдайт», — деп койгон. Азыр: «Качан жеткирет, качан алып кетет?» — деп уулумду карап эле олтурабыз. Мага асманды, айлананы карап ойлонуп жөө баскан жагат. Ошондуктан жөө көп жүрөм, коомдук транспорттон автобус же троллейбуска түшөм.

Назира МАМБЕТОВА: «Тормозду тебем деп газды тээп алсам эмне болот?»

– Чынында автоунаа айдаганды эмес, велосипед мингенди да билбейм. Эгерде аялдардын арасында машина айдоо биз жаш кезде ушундай кенен тараганда, мен да кызыгып айдап кетет белем? Ал кезде аялдар рулга олтурчу эмес да, эми эле көбөйбөдүбү. Азыр менин кызыгуум жок. Өзү да жаш өтүп көзүмдүн көрүүсү мурункудай эмес. Анан да абдан шашмамын, эгерде шашып атып тормозду тебем деп, газды тээп алсам эмне болот? Троллейбуска гана түшөм. Такыр троллейбус барбаган жак болуп калса, айласыз маршруттук таксиге түшүүгө туура келет. Ал эми таксиге сейрек түшөм, анткени билесиңер да биздин айлыктын төмөн экенин. Такси менен жүргөнгө жол бербейт дегендей. Азыр көчөдө 5-6 киши эле жөө, калганы автоунаа менен, ошол жөө жүргөн 5-6 кишинин алтынчысы менмин.

Гүлмира ТУРГУНБАЕВА: «Өңүмдө болбосо да, түшүмдө дайыма айдайм»

– Мен автоунаа айдаганды жакшы билбейм, үйрөнө да албай койдум. Анткени корком. Мындан бир канча убакыт мурун «Учур» театрында актриса болуп иштеген курбум Бактыгүл жол кырсыгынан күйөөсү экөө каза болгон. Ошондон кийин автоунаадан абдан коркуп калгам. Бирок өңүмдө болбосо да, түшүмдө дайыма айдайм. Негизи машина алганга мүмкүнчүлүк бар, иним чет жерден автоунаа алып келип сатат. Бирок мен троллейбус, маршруттук такси менен жүрөм. Кээде айдоочулар таанып: «Эже, сиздей белгилүү адам да маршруткага түшөбү?» — деп сурап калышат. Айрымдарына тамашалап: «Машинамды СТОго токтотуп койдум эле», — деп койсом, кээсине: «эл арасында образ издеп жүрөм», — дейм. Бирок чынында коомдук транспорттон көп образдарды таап алам.

Алина ЖЕТИГЕНОВА: «Үйдө 3 машина бар, айдаганды деле билем, бирок айдабайм»

– Ырчы айымдардын арасынан эң биринчи автоунаа айдаган мен болгон болушум керек. Ал учурда азыркыдай жайнаган чет мамлекеттин автоунаалары жок болчу, “Жигули” айдачумун. Кийин замандын өзгөрүшү менен «Ауди» унаасын айдап жүрдүм. Гастролго да ошол машинамды айдап чыкчумун. 1995-жылдан бери таптакыр машина айдабай калдым. Азыр мени жолдошум менен эки балам ташыйт. Биздин үйдө үч машина бар, айдаганды деле билем, бирок эмнегедир каалоо жок болуп калды. Азыр жолдо кыймыл көп, эрежени бузуп айдагандар толтура. Мен машина айдасам алар менен жол талаша албай ар бирин өткөрүп отуруп, бара турган жериме кечигип барат болушум керек. Андыктан автоунаа турса дагы мени жеткире тургандар үйдө жок болуп калса, бара турган жериме такси менен кетем.

Таалайкан Абазова: «Улам эле быйыл алам дейм, бирок эрким жетпей атат»

– Мен машина айдаганды таптакыр билбейм. Атам да автоунаасы туруп, коркуп айдаган эмес экен. Ал турсун иниси айдайм десе: «Жалгыз бир тууганым болсоң, айдап бир нерсеге кабылба», — деп ага да бербептир. Мен да атамды тартып калсам керек деп калам. Улам эле быйыл алам дейм, бирок эрким жетпей атат. Жолдошум деле: «Айдасаң эле алып берем», — деп атат. Качан бул коркуум жок болуп рулга олтуруп калам белгисиз. Сиңдим Нуриза (ред: Абазова) автоунааны укмуштай айдайт. Бизди салып алып Төө-Ашууну ашып Токтогулга алып барат. Анда да коркконумдан уктабай олтуруп жолду карап барам. Башында ал тормозду тепсе кошо тээп корко берчүмүн, эми кичине эркин олтура баштадым.

Клара АЛИБЕКОВА: «Өзүмө ишене албайм…»

– Кызыгуум абдан күч, бирок айдагандан корком жана өзүмө ишене албайм. Азыр автоунаа айдаганды үйрөнүп атам. Бирок өз алдымча рулга олтурганга даяр эмесмин. Шаар ичинде айдаш өтө кооптуу болсо керек, анткени автоунаа көп, жол эрежесин бузгандар да көп. Мен учурда коомдук транспортко же таксиге түшөм. Бирок такси менен дайыма жүргөнгө каражат керек дегендей. Андыктан автоунаа чыгармачыл адамга сөзсүз керек экен. Буюрса, ал нерсеге да жетип калаттырбыз. Уулум: «Апа, ушинтип жүрө бербей тезирээк машина албайсызбы? Элдин баары эле машина менен жүрөт, сиз эле жөө жүрөсүз», — деп калат.

Булак: lady.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу