Райым миллион тап берди


Кадимки  Райым миллион интернет каарманына айланды. Мен деле коркпойм, сен кылганды менда кылалам дептир.  Бирок Атамбаев менен кантип кармашаарын, кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин ачык айтпаптыр. Анан дагы бир деталга көпчүлүк көңүл буруп жатат. Атайын даярдалган тексти араң окуп берди дешүүдө. Бул эмнеден кабар берет? Мындай видео кайрылуунун чындап даярдаган башкы режиссеру ким болушу мүмкүн?   Андай болсо Манас эпосунда айтылгандай бул кайрылуу Көкөтөйдүн ашы, көп чатактын башы болуп кетеби? Же болбосо Райым миллион азыркы мамлекет башчысына жагалдангысы келдиби? Канткен күндө деле Райым Матраимов мамлекеттик деңгээлде маселе чешчү саясатчы деле эмесин коомчулук жакшы билет.

Буга чейин көп көзгө көрүнгүсү келбей жашырынып жүрчү эле, эми минтип ачыкка чыгып, болгондо да видео кайрылууга эжелеп окуп беришине негизги себепкер эмне деген суроо ачык бойдон калды.

Буга коомчулук ар кандай жоромолдорду айта башташты. Аягы эмне менен бүтөт белгисиз. Эң эле негизгиси анын тап берүүсү багыт алган экс-ажо Атамбаев эмне деп жооп кайтараар экен? Күтө туралы…

Булак:АРГУМЕНТ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу