Райымбек Матраимов партия түзгөнү жатабы? Мунун артында эмне турат?

Матраимовдор биринчи майда уюштурган жана ага өлкөнүн саясый бийлигинин мыкчыгерлеринин 4 жоон тобу барган волейбол боюнча мелдештен кийин мурдакы бажычы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Аты чуулгандуу «Райим -миллиондун» кезектеги эл алдына чыгышы, болгондо да депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү менен ачык эле коюнколтук алышканы, ачык айтылбаган менен Матраимовдун көпчүлүк кергүсү жок адам эмей эле, кадыр баркынан эч ким шектенбеген адам экенин ачык көрсөттү. Финпол төрт айдан бери Матраимовдун мүлкүн текшеримиш болуп жатса да, мурдагы бажычы эл ичинде эчак башкы коррупционер деген атка консо да учурдагы бийликтин анын кирешесин текшерип жатканы дегеле байкалбайт, финполдун текшерүүсүнөн да Райымбек Матраимовдун «таза» болуп чыгаарына шек калбагандай. Матраимовдордун үй-бүлөсү Жээнбековдордун колдоосунан жана жеке достугунан ачык эле пайдаланууда. Президент өзүнүн баягы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында (анда да негизинен журналисттердин кысмактаганынан) Райым Матраимовдун мүлкүн текшертем деген убадасын эстөө жетиштүү болоор, президент бир тууган Матраимовдорду «он беш жылдан бери мекенге таза иштеп келатканын» айтып, ошондо эле аларды алдын ала сүттөн ак кылып койгон. Кызматынан бошогон соң ала-чолодо дайынсыз болуп кетип, эми коомчулуктун назарына дагы илинген Райымбек Матраимовдун өзү болсо — Бажыга кайра барсам деген гана кыялын көкүрөгүндө багып келатат. Кызматына кайтаруу туурасында доо арыз берип, алтургай, соттон да утуп чыкты. Мурда Матраимов элге ачык чыкпаганы менен белгилүү эле, ал басма сөздү жанына жуутпай, не бир кызматтык же саясый билдирүүлөрдү жасаган жан эмес, жадагалса, сүрөткө түшкөндү да жактырчу эмес. Дайыма «көлөкөдө жүрүүгө» ыктап турганы, мамкызматчы катары карьерасы жана саясый талаш- тыштардан оолак болгону Матраимовдо күтүлбөгөн кандай бир саясый дымак пайда болду дегенге эч бир негиз бербейт. Андайбы, демек аньш президенттин иниси менен да ыйкы-тыйкы болушуна эч кандай реалдуу шектенүү болушу мүмкүн 1 да эмес. Жээнбековдор саясый жана идеологиялык атаандаштарын четтеттүү үчүн жакшы куралга айландырып алышкан — коррупцияга айыптоону Матраимовго колдонуу — текейден арзан иш. Элдин «Райим -миллионго» болгон мамилесин эске алганда буга кимдир бирөө кыжырданмак тургай , тескерисинче бийликти мактадык. Бирок Жээнбековдор буга барбайт. Анда «Райым менен Асылбектин ортосундагы пикир келишпестик» 1 туурасындагы имиш кептер кайдан чыгып жатат, Матраимовго саясый партия топтогондун деги кандай кажети бар? Бул суроолорго жооп бериш үчүн кепти Жээнбековдордун өлкөдө реалдуу оппозициянын болгонун абдан каалабай турганынан башташ керек. Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши, ал бийик трибуналардан туруп алып, канчалык элди ишендиргиси келбесин, республикада жаңы үй-бүлөлүк — кландык башкарууну орнотту. Президенттин жана анын тарапташтарынын активдүүлүгу эки жылдан бери өз колдоруна бийликтин бардык рынагдарын топтоп алууга багытгалууда. Ошондуктан Жээнбековдордун режимине реалдуу оппозция болгон КСДП партиясын басып салуу же жок дегенде, алсыздандыруу үчүн эч кандай чагымдардан, алтургай, партиялык рейдерликтен жана мыйзамды каратып туруп тебелегенден да кайра тартпай турушат. Ошенткен менен өзүлөрү социал-демократгардан чыккан Жээнбековдор азыркы учурда партиясыз гана калбай, башка саясый бирикмелердеги тың тарапташтардан да куржалак калышты. «Ата-Мекен» жана «Республика-Ата-Журт» менен мамилелери олку-солку, анткени алардын лидерилеринен да потенциалдуу оппозиционерлер менен атаандаштарды көрүшүүдө. Айтор, партиялык талаада Жээнбековдордун ишене турган эч кимиси жок. Андыктан башкаруучу кланга, биринчиден, өзүнүн партиясы керек, аны кыязы, Асылбек Жээнбековдун тегерегине чогултууну көздөп жатышкандай. Экинчиден, демократия деген түр гана көрсөтүп, өлкөдө оппозиция бар дегидей ишенимдүү союздаш партия керек. Бул максатка Райымбек Матраимов менен анын Жээнбековдор менен чынында ымаласы ысык таасирдүү түштүк кланы абдан төп келишип турат. Кыскасы, учурдагы имиштер кийинчерек түштүк менен түндүктүн бийликке жакын саясатчыларын Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовдун карамагына бөлүп алууга ыңгайлуу кыртыш даярдоодо. Максат — өлкөдө аты гана бар, иш жүзүндө учурдагы үй бүлөлүк кландык режимди гана бекемдеп жана колдогон жасалма оппозицияны түзүү. Мындай план Матраимовдун өзүн коомдук пикирден жана ага карата абдан терс мамиледен коргонууга кепилдик берет. Райымбек Матраимов бүгүн -элдик антирейтингдин лидери. Бир да саясатчы же мамлекеттик чиновник элдин көзүнө бир эле көрүнгөнү массалык кыжырданууну жараткан жагынан Матраимовко жетпейт. Андыктан, азыркы бийлик аны канчалык коргобосун, ЖКнын депутаттары менен өкмөттүн айрым мүчөлөрү ага жакын экенин көрсөтүшпөсүн, Матраимов өз макамын мыйзамдаштырууга абдан муктаж. Учурдагы түзүлгөн кырдаалда саясый аренага келүү ага оптималдуу чечим болуп турат, анүстүнө ансыз да элдин супсуну сууп турган азыркы бийликке карата оппозиционер болгону бат эле баркын көтөрүү үчүн упай топтогонго жана мактоого арзыганга жардам берет.

Баян К0ЛБАЕВА

БУЛАК: Ачык саясат

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу