Раим миллиондун “погуна” эч ким куурай сая албайбы?

Учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып, талкуу жаратып жаткан эң чоң маселе бул Раим Матраимовдун коррупциялык былыктары болуп жатканы талашсыз. Анын өлкөдөн чыгарып кеткен миллиондору, коррупциялык схемалары ачыкталып жатса дагы, аны текшерип жоопко тартууга эч ким даай албаганы кандай? Же бул эргул бийликтеги лөктөрдүн баарынын тамагын май токоч менен майлап, чүлүктөп алганбы? Ооба, мындай деп айтууга толук негиз бар. Бүгүнкү күндө Раим миллиондун мүлкүн Фин пол бир нече айдан бери текшерип жатат. Бирок финполдун текшерүүсүнө коомчулукта ишеним арткандын ордуна, тескерисинче “ эч нерсе табылган жок деп” аны актоо болуп жүрбөсүн деген бүдөмүк ойлор бар. Анын себеби, дал ушул Раим Матраимовду текшерип жаткан Финполдун төрагасы Бакир Таиров Раим Матраимовдун кол баласы экенин буга чейин жмаклар жазып келген, аны менен кошо бир тууган иниси дагы Финполдо иштейт. Мындан тышкары, Финчалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Раимбек Матраимовдун кан кудасы болуп чыкса, Бажынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баш, АКС башчысы Сагынбек Исмаилов, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдор төш болуп, Раим миллиондун кол балдары экени коомчулукта айтылып, жмкларда байма-бай жазылып эле жатпайбы? Анан ушул эргулдар кожоюнун сатмак беле? Эң кызыгы президенттин коррупция менен күрөштөгү кадамына ишенген кожосу аппарытынын орун басары, күч түзүмдөрүн тейлеген Алманбет Салиев бут тосуп жатканы чынбы? Айрым маалыматтарга таянсак дал ушул Алманбет Салиев алчусун алып, күч түзүмдөрүнүн тизгинин тартып, Раим миллион баш болгон коррупционерлерди калкалап жатабы?  Андыктан президент айланасын “кой терисин жамынган карышкырлардан” тазалап, бир силкинип албаса, абал чатак…

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу