Путин менен Трампты бир столго отургузушкан жок

Эки президентти эртең мененки тамакта башка-башка столго отургузушту.

Елисей сарайындагы эртең мененки тамакта Россия менен АКШнын президенттеринин отура турчу орду алмаштырылгандыктан алар сүйлөшө алышкан жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын делегациясындагы булакка таянуу менен билдирди.

Анын айтымында Владимир Путин менен Дональд Трамп маңдай-тескей отургандыктан сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Рабочий визит президента РФ В. Путина во Францию Рабочий визит президента РФ В. Путина во Францию

Эки мамлекеттин президенттери биринчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгынын урматына Франциянын президентинин атынан уюштурулган салтанатка катышуу үчүн Парижге келишкен.

Путин менен Трамп майрамдык түштөнүүдө бир столдо отурушкан. Башында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жанында Трамп андан соң Путин жана Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер отурмак. Бирок жыйынтыгында Путиндин жанында Юнкер менен Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттереш отуруп, алар менен европанын жалпы маселелерин сүйлөшө алган.

Кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Трамп менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгонун айтып, ал жакшы өткөнүн белгиледи.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу